Түптө 60 орундуу оорукана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-октябрда Түп районунун борборунда райондук оорукананын эки кабаттуу жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана медициналык кызматкерлер катышты.

Түп райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун алдындагы 60 орундуу имараттын курулушу 2021-жылы жанданып, республикалык бюджеттин негизинде жалпы 88 миллион сом сарпталды. 2024-жылдын эсебине хирургия, жандандыруу, төрөт жана балдар бөлүмү камтылды.

Мындан сырткары, 1 млн 700 миң сомго от жагуучу жай толугу менен бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️