Түптүн Балбай айылында бир катар социалдык мекемелер курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагында 2024-жылдын эсебине бир катар социалдык мекемелердин курулушу жүргүзүлүүдө.

Анда эӊ орчундуу маселе болуп эсептелген бала бакча, мектеп жана санитардык гигиеналык абалдын жакшырышы менен спорт аянтчалары, фельдшердик акушердик пункт салынууда.

Айыл өкмөт башчысы Максат Бакасовдун айтымында, бул жылы Балбай айылына 2 кабаттан турган 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

«Бүгүнкү күндө Балбай айылында 2939 калкты камтыган 546 кожолук жашайт. Советтер союзунун мезгилинде жана Кыргызстан эгемендүүлүктү алган мезгилден тарта элетте эч бир бала бакча курулган эмес. Болгону мектептин базасына кирген 480 сааттык программа менен гана жеткинчектерибиз даярдоо курсуна кабыл алынып келген. Мындан улам айылга эки кабаттан турган 100 орундуу бала бакчанын долбоору иштелип чыгып, бул жылы жаз алды менен “Альянс Континенталь” подряддык компаниясы тендер утуп, имараттын курулушун жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, балдар бакчасы 100 орунга мерчемделген жана ошондой эле ички эмеректерди камсыздоо менен жалпы 64 млн 711 миӊ сом республикалык бюджеттин эсебинен сарпталууда. Курулуш толугу менен 2025-жылы аяктап, 1-сентябрь — Билим күнүнө карата жеткинчектерге эшигин ачат», — деди ал.

Социалдык мекемелердин катарында Фрунзе айылына дагы жаӊы мектептин курулушу жүргүзүлөт. Маселен, 1 миӊге чамалаган калкы бар бул айылда Совет доорунда тактап айтканда, 1978-жылы курулган билим уянын эскилиги жетип, 2013-жылы авариялык абалда деген бүтүм чыгарылган. Эки кабаттуу мектептин долбоору 144 млн 234 миӊ сомго бааланып, курулуш 2026-жылы толугу менен аяктап, 225 окуучуга каалгасын ачат.

Пример HTML-страницы

«М.Фрунзе атындагы №26 жалпы билим берүү мектебинин азыркы имаратында 178 окуучу билим алат. Мындан туура 9 жыл мурун мамлекеттик тийиштүү органдар авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Себеби чатырынан суу агып, дубалдарынан жарака кеткен. Муну менен катар акыркы жылдардан бери полдору чирип, ыӊгайсыздык жаратууда. Алдыда 225 орундуу мектеп курулса, билим уянын базасына ашкана, мугалимдер жана компьютердик бөлмө кеӊеймек, акт залы, спорт аянтчасы курулуп, жана башка бардык заман талабына ылайык шарттар түзүлөрү күтүлүүдө», — деди директор Айнура Алиева.

Мындан сырткары, Түп району менен Ысык-Көл аймагын бириктирүүгө чектешкен Кичи-Өрүктү айылында калкка медициналык жактан тейлөө көргөзө турган фельдшердик акушердик пункт заманбап шартта ишке берилет. Жалпы наркы 6 млн 700 миӊ сомго бааланган ФАПтын курулушу Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып, АРИС эл аралык уюму тарабынан салынууда.

Ага утурлай ушул эле долбоор алкагында Күрмөнтү жана Кичи-Өрүктү айылындагы жалпы билим берүү мектебиндеги санитардык гигиеналык абал жакшырат.

«Таза суу долбоорунун алкагында санитардык жана гигиеналык абалды жакшыртуу максатында дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Күрмөнтү айылындагы Ж.Мукамбаев атындагы жалпы билим берүү мекетебинин эски жана жаӊы имаратынын ичине 17 «көздүү» даараткана жана 27 кол жуучу раковина куруу иштери кызуу жүрүүдө. Ушул эле долбоор Кичи-Өрүктү айылындагы Ж.Бахтияров атындагы жалпы билим берүү мектебинде уланып, окуу жайдын сырткы бөлүгүнө 12 «көздүү» даараткана салынууда. Мында мугалимдер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге да ылайыкталган. Ал эми саркындылары атайын талапка ылайык, 6 көздүү шакекчеден, кийин пайдалануучу үчүн тазалоодон өтөт», — дейт АРИС агенттигинин институционалдык өнүктүрүү адиси Элеман Усенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️