Түп районуна Каркыра жайлоосунан кымыз ташылып баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп районунда Каркыра жайлоосунан алынып келген кымыз менен саамалдын баасы 180 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Бирлик айылынын тургундары билдирди.

Алардын айтымында, бээнин сүтү быйыл мурунку жылдардагы баага барабар.

«Кымыз мезгили май айынын соңу менен башталды. Алгач бээ сүтүн Кочкор районунан алып келип, 230-250 сомдон саттык. Себеби, жайлоодо күн кеч жылыды. Акыркы бир аптадан бери Каркыра жайлоосунан кымыз, саамал алынып келе баштады. Былтыр баасы кандай болсо, быйыл да ошол баада литри 180 сомдон сатылууда. Азырынча кардарларыбыз жергиликтүүлөр, күндө 50 литрдей өтүп жатат. Ал эми июль айында кымыз көбөйүп, баа төмөндөп, 120 сомго түшөт. Кеген аркылуу Казакстандан келген туристтер да алып кетишет. Ошол маалда 150 литрден сатыла баштайт», — деди алар.

—————

Каркыра өрөөнү ― Ысык-Көлдүн чыгышында жайгашкан, түндүгүнөн Кетмен жана Кеген тоолору, түштүгүнөн Тескей Ала-Тоо менен чектелет. Аянты 400 чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 1800-2750 метр бийиктикте.

Пример HTML-страницы

Ал эми жайлоосунда 200гө жакын түрдүү дары чөптөр өсөт. Анын арасында Кызыл китепке кирген, тоо гүлдөрүнүн ханышасы мамыры (эдельвейс) да бар.

Жайлоого Кыргызстан, коңшу Казакстан, кээде алыскы Араб өлкөлөрүнөн коноктор келип, эс алып, кымыз ичип кетишет. Аны менен катар Алай районунан келгендер да бар.

Ден соолук үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат. Бээнин сүтү жана кымыз менен дарылоо май айынын ортосунда башталып, июлдун орто ченине, Үркөр жылдызы чыкканга чейин улантылат.

Көрөңгөсүнүн (кымыздын ачыткысы көрөңгө деп аталат, ал жакшы бышылган кымыздан калтырылат) көлөмүнө, ачыткан убактысына жараша кымыздын күчтүүлүгү ар кандай болот. Көрөңгөсү көп жана көпкө турган кымызда спирттин деңгээли жогору болуп, ал эми жаңы сүт кошулган кымыз жеңил келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️