Тыныбекова жаңы кызматка шайланды. Балбан кыз спорттук карьерасын жыйынтыктайбы?

Кыргыз спорт жанылыктары

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.

Тыныбекова белгилегендей, ал вице-президент кызматына аялдар күрөшүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн келип жатат.

Ошондой эле ал азырынча спорттук карьерасын жыйынтыктарбай турганын, белгилүү бир убактан кийин аны улантарын билдирген.

Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти кызматын 2014-жылдан бери Динара Исаева ээлеп келген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал 6 ирет Азия чемпиону болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Ал — Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️