Пример HTML-страницы

Туугандарына 20 күндөн бери байланыша албай жаткан нарындыктар облус башчысына келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Сайга барчу Кынданын жолу ачылбай, ал жердеги туугандарынан 20 күндөн бери кабар ала албай жаткан Ат-Башы жана Нарындын тургундары нааразычылыктарын билдиришти. Аларды дубан башчы Сабыркул Ашимбаев кабыл алды.

Ак-Сайдагы маданият борборунун кароолчусу Бектурган Асановдун айтымында, алар азык-түлүк алганы келген бойдон кайра кете албай жатышат.

«Мен Ак-Сай өрөөнүндөгү маданият борборунун кароолчусу болуп 20 жылдан бери эмгектенип келем. Ушул мартта жааган карда өзгөчө кырдаалдар кызматы менен 18-мартта Ат-Башыга азык-түлүк алганы келгенбиз. Ошол убактан бери жол ачылбай жаткандыгына байланыштуу кайра кете албай жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин Ак-Сайдагы балдарыбыз, тааныштырыбыздан кат кабар ала албай келебиз. Алардын дагы тамак-аштары түгөндү да. Андан бери канча күн өттү. Же азык-түлүк жеткире албайбыз. Малдардын тоюту, жем-чөбү дагы тартыш. Тартыш эмес жок дагы. Бул белгилүү эле нерсе. Жол жабылгандан бери ачып жатабыз эле дешет, же ачып бүтүшпөйт. Ал жактагылар кандай күн көрүп жатат, аман-эсендиги тууралуу кабар жок. Ушуга нааразы болуп, тиешелүү өкүлдөргө айтып, жолугуп жатабыз. Акимчиликке дагы барганбыз, бүгүн губернаторго келди», — деди Бектурган Асанов.

Нарын шаарынын тургуну Сейитбек Осмонов жолду ачууну тездетилиши үчүн күйүүчү майга деп, жергиликтүүлөр 20 миң сом акча беришкен.

«Көчкү түшсө, араң иштеген техниканы алып барышып тазалап жатат деп айта беришет. Ал техникасы да эки күндүн биринде бузулуп, же майы жок деп жолду ачуу көпкө созулуп келет. Жолду эртелеп ачып бергиле деп барсак, «17 жерден көчкү түшөт экен. Жумушту токтотуу боюнча буйрук келген» деп жооп берип келгендеринен улам элдер чогулуп, бүгүн атайын облус башчынын өзүнө келип отурабыз.

Жол марттын башында эле жабылган. Андан бери 1 ай болуп калды. Илгери союз тарай электе жол жабылып калганда, малчыларга вертолет менен болсо да барып кабар алып, тоют чөп, азык-түлүк жеткирип берип турушчу. Азыр ал жактагы малчылар каралбай калды. Өткөндө эле банктын кызматкерлери барып жоголуп кеткенде араң барышты. Жол ачыш үчүн сөзсүз эле киши жоголуп, же каза болушу керекпи. Ага чейин эмнеге жолго маани беришпейт деп нааразы болуп отурабыз. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде көңүлгө алынып, президентибиз Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жетип, эрте чечилсе деп ойлойбуз.

Өткөндө жол жабылды дегенде, чөп жеткирилди деп чыгышты. Ал чөптөрдү мамлекет, же жергиликтүү бийлик берген жок. Ошол жактын жашоочулары малдарына тоют чөп алып бара жатканда жолун ачып беришкен. Ал дагы Ак-Сайдын берки башы эле. Ал эми тээ ортосундагы жашоочулардан кабар жок. Биз да жете албай жатабыз.

Майыбыз жок деп токтоп калганда, Ак-Сайдагы жашоочулар колунан келген 1000-2000 сомдон кылып 20 миң сом чогултуп берилген. Майына берсек техникасы бузулат.

ДЭУнун ишин дагы иликтеп чыгышын талап кылабыз. Анткени бир да жолу жол түрттүрүп, жолду оңдоп бергенин көргөн жокпуз. Ушуга чейин 1,2 жолу түртсө керек. Бул жолду ар бир айыл өкмөттөр өздөрү карамагына алып, карап турушу зарыл.

Жылда Ак-Сай өрөөнүнүн үч жерине кар көчкү түшүп, каттамдар жабылып кыйынчылык жаратып келет.

Ошол көйгөйдөн арылуу максатында кошумча айланып өтүүчү жол салуу, андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол көчкү түшчү жерлерге туннель куруп берүү сунушун айттык. Кошумча жол дегеним Кынданын күнгөй тарабынан жол салуу натыйжалуу. Бул учурда Ат-Башы суусуна көпүрө куруу керек болот. Анткени менен күңгөй тарапта кар аз жаайт, бат эрийт. Мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп берсе жакшы болмок.

Өткөндө банк кызматкерлерин алып келүүдө Торугарт жагы менен жолду тазалап барып, кайра тазалап келишти. Тазаланган жолду дароо эле шамал үйлөп ошол замат эле жабылат. Ошондо Кында жагын ачыш керек болчу. Мындай учурда жердин көйгөйүн билген жергиликтүү жашоочулардан кошуп алып, иш жасалса жакшы болмок. Себеби алар коёндун жаткан жеринен бери билет. «Кайсы жолду ачыш керек? Кайсы жакты шамал үйлөп жолду заматта жаап салат?» деген жана башка маалыматтарды мыкты билишет.

Дагы кошумча антенна коюу сунушун айттык. Байланыш жоктугунан ак-сайлыктар эмне болуп, кантип жашап жатканын биле албай отурабыз. Мындан сырткары акыркы жылдары туризм өнүгүп жатат. Турист тосуп оокат кылгандарга дагы байланыш өтө керек болуп турат», — деди Сейитбек Осмонов.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тазалоо иштери жүрүп жатканын, 7-апрелде жеринен көрүп келгенин айтты.

«Кар көчкү түшүү коркунучу менен эки-үч жер бар экен. Ал эми Кындага чейинки жол тазаланып жатат. Ал жакта техникалардан бийик чогулган карлар топтолууда. Бир нече ирет түртүүгө туура келип жатат. Акимдер менен сүйлөшүп, кошумча техникалар дагы жол тазалоо иштерине тартылууда.

Үстүнөн ылдый түшүүгө дагы чек ара заставаларында тийиштүү техникалар бар. Алар дагы тазалап түшүшөт. Азыркы тапта 12 чакырымдан ашык жер оор, кыйын аймак болуп жатат. Ушул аймак тазаланып бүтсө, андан аркы жолдордо кар аздыгынан тазалоо иштери ыкчам жүрөт. 2-3 күн аралыгында ачылат деп жатабыз.

Нарындан, Ат-Башынын тургундары Кында ашуусунун күнгөй тарабынан жол ачуу сунуштарын айтып жатышат. Алардын айтымында, ал жакка кар көп жаабай, бат эрип кетет, жайы-кышы менен Ак-Сайга каттоого тоскоолдук болмок эмес деп жатышат. Алардын сунушун кабыл алдым. Бул жол менен атчандар азык-түлүккө жол тазалаган техникалар барган жерге келишиптир.

Бул сунуш боюнча Транспорт жана жол министрлиги, тиешелүү жетекчилер менен биргеликте кеңешип, кийинки аракеттерди кылабыз.

Жалпысынан бул өрөөнгө, жолуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Себеби туристтик аймак. Өткөн жылы бир көпүрөсүн демөөрчүлөрдүн колдоосу менен арзан баада оңдогонбуз. Алдыда дагы эки көпүрөнү оңдоо жумуштары башталат», — деди С.Ашимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE