Турук кенинде экскаваторду айдоочусу менен кошо шагыл аралашкан муз басып калды. Окуянын жагдайлары

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Турук көмүр кенинде экскаваторду топурак, шагыл аралашкан муз басып калды. Айдоочусу ооруканага жаткырылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, кечээ, 4-сентябрда саат 20:10 чамасында Ак-Талаа районунун өрткө каршы куткаруу кызматынын диспетчердик бөлүмүнөн Турук көмүр кенинде экскаваторду айдоочусу менен кошо басып калгандыгы тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат берилген.

Аталган факт Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылына караштуу Турук көмүр кенинде Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 1981-жылы туулган тургуну Б.Н.ны — экскаватор техникасынын айдоочусун кечки саат 19:00 чамасында көмүр кенинде тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда тоонун бетинен топурак аралашкан муз агып келип, экскаваторду басып калганы аныкталган. Жабырлануучу Б.Н. Ак-Талаа райондук ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча учурда териштирүү иштери жүргүп жатат.

Turmush басылмасына маалым болгондой, аталган экскаватор «Ак-Талаа-Турук» мамлекеттик ишканасына таандык.

Пример HTML-страницы

Ал эми Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Азамат Дүйшөналиев жабыр тарткан жаранга операция жасалып жатканын билдирди.

«Өзүм Бишкекте семинарда элем. Мага берилген маалымат боюнча, кечээ 4-сентябрь күнү кечки саат 19:51де Турук көмүр кенинде экскваторду тоо көчүп басып калгандыгы, эксватордун ичинде айдоочуга медициналык жардам керектиги боюнча чакырык түшкөн. Окуя болгон жерге биздин тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери барып, түнкү саат 02:30да жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен. Рентген аппаратына тарткан учурда ал адамдын кабыргалары, жамбаш сөөктөрү сынганы аныкталган. Абалы орто оор. Учурда Нарын шаарынан дарыгерлер чакырылып, операция жасалууда», — деди Дүйшөналиев.

Турук көмүр кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Баетов айылынан 50 км түштүктө, Жаман-Даван тоосунун кырында, Турук суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийикте жайгашкан. Кен 1951-жылы ачылган. Ага Жаман-Даван капчыгайы жана Орто-Сырт жайлоосу аркылуу барууга болот.

Турук кенинде «Кенч Строй», «Ырыс кен», «Турук Майнинг» жеке компаниялары, «Ак-Талаа-Турук» мамлекеттик ишканасы иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️