Turmush: «Өлө турган кемпирдин үйүндө деле 10 кой бар»: Жумгалда жылкы саткандардын «арманы»

TurmushПрезиденттин жарлыгы чыккандан тарта Нарын облусунун Жумгал районунун аймагындагы мал базарда жылкы баласына болгон суроо-талап азайганы байкалууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

* Президент Садыр Жапаров 24-февралда «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

* Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо.

«Кызыл-Туу» мал базарында чарба койлор 12 миң сомго чейин болсо, семиз чоң койлор 20-25 миң, союуга жарактуу козулар 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланууда. Эчкилердин баасы 6-8 миң сом жана улактардын баасы 3-4 миң сомду түзүүдө.

Жаңы-Арык айылынын тургуну Амангелди Акматказиев базарга бээсин сатканы келген. Ал бээсин 70 миң сом деп бааласа, аны болгону 45 миң сомго сурашкан.

«Жылкынын баасы ылдыйлап калды. Мындан койлордун баасы көтөрүлүп жатат. Мурда жылкынын баасы 100 миң сом болуп жаткан. Азыр 78-80 миң сомдон ашпай жатат. Мен да бээ алып келгем. 70 миң сом деп жатсам, арзан сурап жатышат. Бээмди 70 миң сомго сатып, айгыр алайын деп жаткам. Жакшы айгыр болсо, 80 миң сомго алайын дегем», — дейт Акматказиев.

Пример HTML-страницы

Ал эми Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Нурбек Сатаровдун айтымында, облустун аймагында малдын саны көп болгондуктан баа жакшы эмес. Буга президенттин жарлыгы деле таасир берген жок.

«Мал арзан эле кетип жатат. Алармандар эле жыргап жатышат. Козуну азыр 8 миң сомдон эле берип жатабыз. Жакшы койлор 15 миң сомдон кетип жатат. Баа жакшы эмес. Жарлык деле таасир берген жок. Өлө турган кемпирдин үйүндө деле 10 кой бар. Тыюу салганы менен мамлекет жакырларга «10 кой ал», «5 кой ал» деп берген жок. Эл өзү менен өзү эле болуп жатпайбы», — дейт Сатаров.

Жумгал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Эрмек Сапарбек уулунун айтымында, базарга киргизилип жаткан ар бир мал ветеринарлардын кароосунан өтөт.

«Мал ээси ветеринардык күбөлүгү менен гана базарга келиши керек. Жакында эле район акиминин буйругу чыкты. Ошол буйруктун негизинде иш-план иштелип жатат. Кийинки жумалардан баштап кайра ошол иш улантылат. Мал маалымкат менен гана киргизилет», — дейт ал.

«Кызыл-Туу» мал базары райондун Куйручук айылында жайгашкан. Ал 2019-жылы жеке ишкер тарабынан бардык шарты менен 2 гектар жерге уюшулган. Базар мал, азык-түлүк жана кийим-кече сата турган 3 жайдан турат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, базарда малдын баасы арзандаганы менен эттин баасы кымбаттаган бойдон турат. Жумгал районунун Чаек айылындагы эт саткан дүкөндөрдө уй менен жылкынын эти 460 сомдон болууда. Соодаргерлердин айтымында, учурда союуга жарактуу мал аз болгондугуна байланыштуу эттин баасы дагы 20 сомго көтөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️