Пример HTML-страницы

Turmush: Жумгалдагы айылда 39 жаштагы аял каза болуп, өспүрүм кыз дайынсыз болууда: Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

Turmush27-июнь күнү Жумгал районунда Көкөмерен дарыясына агып кеткен кыздын сөөгү табыла элек. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун Чоң-Арал айылындагы Көкөмерен суусуна 2 кыз жана З.Т. аттуу аял агып кеткен. Адамдар 2015-жылы туулган А.Ч. аттуу кызды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аны Бишкектеги ооруканага алып кетишти.

Сууга агып кеткен аял менен экинчи кыз дайынсыз болуп жаткан. 28-июнь күнү саат таңкы 06:30 чамасында Беш-Терек айылынын 1985-жылы туулган тургуну З.Т.нын сөөгү табылган. Ал кечээ, 29-июнда жерге берилди.

Ал эми Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну, С.М. аттуу кызды издөө иштери улантылып жатат. Анын жакындары бийликтен жардам сурап, кошумча күч жана суучулдарды суранып жатышат.

Кечээ, 29-июнь күнү издөө ишине Жумгал районунан 19 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 49 адам жана Жумгал РИИБден 10 кызматкер тартылып, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 30-июнь күнү куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиционерлер болуп жалпы 80 адам жана 1 дрон издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Чаек айыл аймагынын аппарат кызматкерлери 1 күндүк эмгек акыларын чогултуп, издөө ишин жүргүзүп жаткан адамдарга ысык тамак уюштурушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE