Turmush: Жогорку окуу жайдын мугалими Осмон Караевдин өлүмү: Учурда эмне белгилүү?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш мамлекеттик университенин дене тарбиячы мугалимин унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу камакта эмес. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Буга чейин Turmush Ош мамлекеттик университетинин дене тарбиячы мугалими Осмон Караев жол кырсыгынан каза болгонун жазган.

Turmush басылмасына маалым болгондой, ал кырсыктын кесепетинен оор жаракат алып, Ош шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Бейтап төрт күндөн кийин, тактап айтканда 8-июль күнү өзүнө келбей көз жумган.

Маркум ОшМУнун табият таануу, туризм, дене тарбия жана агрардык технологиялык институтунун №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу болчу.

Осмон Караев волейбол боюнча спорттун чебери жана жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Ал 1982-жылы Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя 2024-жылдын 4-июлунда саат 06:10 чамасында Ала-Тоо айыл аймагынын Нурдар айылында катталган. Анда Манас айыл аймагынан Лангар айылынын тургуну — 1994-жылы туулган Р уулу К. «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү автоунаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, волесипед айдап өтүп бара жаткан жүргүнчү — 1982-жылы туулган Осмонали Караевди сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Айдоочу наркологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын спирттик ичимдик ичпегени аныкталды.

Аталган айдоочу 2021-жылы да жол кырсыгына кабылып, адам өмүрү кыйылганы тууралуу маалымат милиция тарабынан тастыкталган жок.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️