Turmush: Жети-Өгүздө өрүктөрдү фуралар менен алып кетип жатышат: Баасы кандай болуп жатат?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖети-Өгүз районунда быйыл өрүктүн түшүмү мол болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда районундун Жаргылчак айыл аймагындагы бардык айылдарда өрүк терүү иштери башталган. Буга чейин аймак боюнча 40 фура түшүм жыйналып, экспортко кеткен. Өрүктөр 12-13-июлдан тарта сатыла баштаган. Баасы 45 сом менен башталып, учурда 30-35-40 сом болуп жатат.

  • Жаргылчак айыл аймагында азыркы убакта 8 фура өрүк алынып жатат.

Райондун Дархан, Жениш, Ак-Терек жана Барскоон айылдарында да өрүк сатуу иши кызуу жүрүп жатат.

Сары кыздын тою:

Пример HTML-страницы

Буга чейин 12-июлда өрүк арбын өстүрүлгөн Жети-Өгүз районундагы Дархан, Жеңиш, Барскоон, Ак-Терек, Жаргылчак, Тосор жана Тамга айылдарыда сары кыздын тою күтүлүп жатканы кабарланган.

Маалым болгондой, анда өрүктүн 1 килограммы 45 сомдон алынып жаткан. Жергиликтүү тургундар баа башталышында жана соңунда ар кандай болорун айтышкан.

Элеттик аксакал Абдыбек атанын айтымында, быйыл түшүм жакшы жана баасы да багбандын эмгегин актаарлык. Жакынкы 10 күн аралыгында «сары кыздын тою» болору күтүүлүп жаткан.

Эмнеге сары кыздын тою?

Ысык-Көл облусунун тургундары башка аймактагылардан айырмаланып өрүктү (абрикос) эмне үчүн «сары кыз» деп аташат? Бул суроого Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын жашоочуларынан жооп издеп көргөн.

«Биздин айыл көл жээгинде жайгашып, алма жана өрүк өстүрүүгө жер шарты ыңгайлуу. Жеңиш, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарындагы айдоо аянттарынын дээрлик 80 пайызында өрүк өстүрүлөт. Биз жылдык кирешебизди жай саратанында топтоп алабыз. Январь айынан баштап эле «сары кызга» өзгөчө көңүл бөлүп карайбыз.

Өрүк сатуу сезону — эл оозунда «сары кыздын тою» деп айтылат. Анткени сары кызга куда түшүп келгендер көп, тактап айтканда алармандар (күлүп). Ким бааны жогору койсо, биз сары кыздын тоюн белгилейбиз. Алармандарды тамашалап «кудалар» деп тергеп коёбуз. Ар жылы сары кыздын баасы ар кандай. Россиянын ири шаарларына жана Казакстандын Алмата шаарына экспорт болот. «Эрте жаздагы эмгегибиздин акыбети кайтты» деп той өткөрүп, сары кызды четке узатып, анан капчыктарды кампайтып калабыз.

Жылдан жылга алма жана өрүк бактары кеңейтилип жатат. Дархан, Жеңиш, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарында негизинен өрүк өстүрүүгө басым жасалат. Жылына 4 айылдан кеминде 10 миң тоннадан ашуун өрүк сыртка сатылат. Өрүктүн «Шалах» деген сорту эң баалуу жана байыркы. Орусиянын ири шаарларына деп алып кетишет. 15 тонналык оор жүк ташуучу унаалар (фура) эки күндө толуп калган учурлар катталат. Жаз мезгилинде үшүк албаса эле, сары кыздын баасы жакшы болот», — дешкен жергиликтүүлөр.

2021-жылы Кыргызстанда 522 626 тонна өрүк жыйналган. Бул тууралуу Turmush басылмасына Улуттук статистика комитетинин билдиришкен.

Маалыматка караганда, өрүк өстүрүү боюнча Баткен облусу лидер болуп, 215 624 тонна түшүм алынган. Андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу — 185 855 тонна өрүк жыйналган. Лидер аймактардын үчтүгүн Ош облусу толуктаган. Бул аймакта 63 053 тонна түшүм алынган.

Баткен облусунда — 262 814 тонна;

Ысык-Көл облусунда — 193 825 тонна;

Ош облусунда — 58 809 тонна.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 2021-жылы Кыргызстандан 4 781,4 тонна (1 654,4 миң доллар) өрүк экспорттолгон.

2022-жылы экспорттун көлөмү көбөйүп, 3 250,5 миң долларга 7 954,1 тонна өрүк экспорттолгон.

Өрүк экспорттолгон 5 өлкө: Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Беларусь Республикасы жана Украина.

Башкы экспортчу Россия болуп эсептелинет. Бул өлкөгө 2021-жылы 1 413,4 миң долларга 4 001,1 тонна өрүк жөнөтүлгөн. Ал эми 2022-жылы эки эсе көп, 3 005,8 миң долларга 7 338,1 тонна өрүк экспорттолгон.

Ал эми экинчи орунда Казакстан турат. 2021-жылы бул өлкөгө 205,7 миң долларга 659,3 тонна өрүк экспорттолгон. 2022-жылы экспорттун көлөмү азайып, 613,5 тонна өрүк жөнөтүлгөн. Бирок көбүрөөк каражат түшкөн — 243,2 миң доллар.

2021-жылы Беларуска 82,0 тонна (28,3 миң доллар), Украинага 39,0 тонна (7,0 миң доллар) өрүк экспорттолгон. 2022-жылы бул өлкөлөргө өрүк жөнөтүлгөн эмес.

2022-жылы Бириккен Араб Эмираттарына 1,5 миң долларга 2,5 тонна өрүк экспорттолгон. Ал эми 2021-жылы бул өлкөгө өрүк жөнөтүлгөн эмес.

2023-жылдын июнь айынын башында Tazabek басылмасы Катардын эмири Тамим бен Хамад Аль Таниптин мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу 13 документке кол коюлганын жазган.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, бул документтер ар кандай тармактагы, анын ичинде айыл чарба, бажылык жөнгө салуу жана ветеринария тармагында кызматташтыкты камтыйт.

Ал ошондой эле араб өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалаган. Анткени алар Кыргызстандын экологиялык жана органикалык таза продукцияларына кызыкдар.

«Коноктор биздин алчаны, өрүктү жана кулпунайды ооз тийип көрүп, дароо эле органикалык таза продукт экенин айтышты. Алар Кыргызстандан өз өлкөсүнө экспорттоо каалоосу бар экенин билдиришти», — деген Артыкбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️