Turmush: Жаш жигиттер үчүн кой союп, эт жиликтегенди үйрөткөн окуу курсун ачкым келет,

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Көөрүк айылынын 34 жаштагы тургуну Данияр Сариев 10 жылдан бери касапчылык менен алек болуп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал той-аш берген жарандарга да кызмат кылып, кошумча акча табарын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бул өнөрдү 10 жыл мурун базарда эт чаап иштеген байкеме жардам берип жүрүп үйрөнгөм. Ал кезде эт кескен атайын аппарат жок эле, балта менен чапчубуз. Ошентип, той-аштарга касапчы издегендер көбөйдү. Байкап турсам, кийинки муун мал союп, эт жиликтегенден алыстап бара жатат. Ал эми улуу агаларыбыз бели-башы ооруп, карып бара жатышат. Натыйжада той-аш берген үй ээлери касапчы жалдай башташты.

Күз той-топурларга бай мезгил болгондуктан буюртмалар биринин артынан бири түшөт. Бир жылкыны союп, жиликтеп, чучугун жасап, тартып берем. Уйду, койду дагы союп, жиликтеп, бышырып, устакандап таратам. Жылкы, уйду бир сааттын ичинде, койду 10-15 мүнөттүн ичинде союп, жиликтейт болушум керек. Так эсептеп көрбөптүрмүн» — деди ал.

Данияр мырза келечек муун үчүн кой союп, эт жиликтегенди үйрөткөн окуу курстарды ачууну максат кылганын айтты.

«Жаштардын мал сойгонду билбей баратканы, баары эле оңой оокатка качып калышпадыбы. Колун жоорутуп, оор жумуш жасагылары келбейт. Себеби ушул болуш керек» — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ал касапчылык өнөрүнө байланыштуу, кызыктуу окуясынан да айтып берди.

«Классташым Россиядан жаңы келип калды. Биз Нооруз майрамына карата мал соймокпуз. Анан классташтар болуп, уйду сойгону баратканбыз. Орто жолдон баягы Москвадан келген классташым: «Мындан канча элү чыгат?» деп сураган. Биз аны түшүнбөй, «кайсыдан?» десек, «мындан канча чыгат?» деди. Анан биз «семиз чыгабы деп айтып аткан экен» деп, «жакшы эле чыгат» деп койдук. Андан кийин «канча элү чыгат?» деп дагы сурады. Ошондо эмнени сурап жатканын түшүнүп күлгөнбүз. Азыркыга чейин эле уйду көрсөтүп, «канча элү чыгат?» деп сурап тамашалап коём. Көрсө классташым уйдан казы-карта чыгат экен деп ойлоптур. А негизи «бир элүү», «эки элү», «таман» деген жылкыдан эле чыгат, антип айтпай жүр деп аябай күлгөнбүз», — деди ал.

Каарманыбыз 1990-жылы Чүй облусунун Москва районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Келинчегим бар, наристелүү болууну тилек кылып жүрүшөт. Кесиби боюнча ашпозчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️