Пример HTML-страницы

Turmush: Жалал-Абадда медицина кызматкерлерин куттукташты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-июлда Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов жана облустагы медициналык мекемелерде эмгектенген дарыгерлер катышты.

Максат Сыдыков президенттин медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү чечими кабыл алындыгын белгилеп, бул аракет аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечип, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртарын кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы 432 саламаттыкты сактоо мекемесинде жалпы 1 миң 582 дарыгер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE