Пример HTML-страницы

Turmush: Жалал-Абадда куткаруучуларга сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында куткаруучулардын күнү белгиленди. Андагы кызматкерлерди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган топ куттуктады.

Иш-чарага облустун район-шаарларындагы куткаруучулар, ардагерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Майрамдык салтанатта облус башчысы тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Ал Жалал-Абад облусу өлкөдөгү эң көп табият кырсыктары катталган аймактардын бири экенин белгилеп, ар түрдүү тобокелчиликтердин алдын алуу, кырсыктын кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсү менен куткаруучулардын күжүрмөндүгүн ашыруу, жумушун илгерилетүү үчүн техникалык базасы жаңыланып, керектүү шарттар жаратылып жатканын кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар куткаруучуларга бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE