Пример HTML-страницы

Turmush: Жайыл районундагы пияздын баасы

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда пияздын баасы эки эсе өстү. Өткөн жылдын аягында пияздын баасы өсүп жатканы байкала баштаган.

31-январга карата маалымат боюнча, соода борборунда пияздын килограммы 58 сомдон сатылса, майда баштыктарга салынган пияздын баасы 63 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда баасы адатта сары пияздан кымбат болгон кызыл пияздын килограммы 62 сомдон сатылууда.

Жогорку базарда биз кызыккан пияз 50 сомдон сатылды. Бул жерде дүң баанын үстүнө 3-5 сомдон кошуп жатышат. Демек, чекене сооданын баасы түздөн-түз берүүчүлөрдүн баасына көз каранды.

10 жылдан бери базарда жашылча саткан Ольганын айтымында, баанын көтөрүлүшү — сугат суунун жетишсиздигинен улам түшүмдүүлүктүн аз болушуна жана кыш ызгаардуу болгонуна байланыштуу.

Мындан тышкары, бир жума мурун жашыл пияздын килограммы 550 сомго чейин көтөрүлсө, учурда килограммы 480 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE