Пример HTML-страницы

Turmush: Ысык-Көлдөгү тургундун өлүмү: Сот жубайын камакка алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял эки айга камакка алынды.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 1979-жылы туулган шектүүнүн баш коргоо чарасы аныкталды.

Жети-Өгүз райондук сотунун 2024-жылдын 6-июнундагы токтому менен Жети-Өгүз РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Шектүүү С.Г.Б.га карата эки айлык мөөнөткө, тактап айтканда 2024-жылдын 4-августка чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.

Буга чейин Turmush Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринде жубайлардын үй-бүлөлүк чырынан кийин күйөөсү каза болуп, аялы камакка алынганын жазган.

Айрым маалыматтар боюнча, аялы үй-бүлөлүк жаңжал учурунда жолдошун бычак менен сайып жиберген.

Ысык-Көл ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, 4-июнь күнү Жети-Өгүз РИИБге айылдардын бириндеги үйдө 1980-жылы туулган адам каза тапканы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде каттоого алынган. Кылмышка шектүү катары маркумдун 1979-жылы туулган аялы кармалган.

Учурда соттук-медициналык эспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Окуя болгон айылдын тургундары Turmush басылмасынын кабарчысына айрым жагдайларды айтып беришкен. Айылдаштарынын айтымында, каза болгон 44 жаштагы тургун кечээ, 5-июнда жерге берилди. Анын каза болгону тууралуу маалымат айылга 4-июнда таңкы саат 05:00 чамасында тараган. Жубайлардын 4 кызы бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган үй-бүлө 14 жылдан бери айыл өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн көзмөлүндө турчу.

«Үй-бүлөнүн 2007-2009-2011-2017-жылдары туулган төрт кызы бар. 2010-жылдан тарта айыл өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн көзмөлүндө турчу. Анткени жубайлардын туруктуу иштеген жумушу жок болуп, күнүмдүк жумуштарда иштеп, жардамга муктаж үй-бүлө болгон. Спирт ичимдиктеринин айынан дайыма уруш-талаш болуп тургандыктан мектептин социалдык мугалими, тилкелик нускоочу болуп үйүнө барып, ар тараптан колдоо көрсөтүп турушчу», — деп айтылат Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн маалыматында.

Учурда кыздар атасынын туугандарына тил кат менен тергөө иштери бүткөнгө чейин берилди. Алар үйүндө туугандарынын жана социалдык мугалим, айыл өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн көзөмөлүндө экени маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE