Turmush: Виктор Орбандын жубайы Сокулуктагы айылга келип кетти: Себеби айтылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushВенгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жубайы Анико Леваи 5-ноябрда Сокулук районунун Манас айылындагы асыл тукум жылкы фермасында конокто болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына акимчиликтен билдиришти.

Ал эми ферманын ээси Тайыр уулу Ахматаалы Анико Леваи айым кыргыз жылкысы кандай болорун көрүү үчүн келгенин маалымдады.

«Бизге берген маалымат боюнча бул киши айылда төрөлүп өскөн экен. Жылкыга кызыгары ошого байланыштуу болушу мүмкүн. Жанында бир ветеринар профессор, алардагы ат спортто 15 жолу чемпион болгон дагы бир киши болуп, жалпы 10 чактуу адамдан турган делегация келди. Кыргыздын жылкысы кандай болот, кандай аргындаштырлып, кандай жыйынтыкка келип жатканын сурап, баам салышты. Ошол жерден аттарды көк бөрүгө даярдайбыз, ушундай улуттук оюнубуз бар деп, көк бөрү оюнун көрсөттүк», — деди ал.

Ахматаалы мырза 20 жыл мурун бир жылкы багып, аны көбөйтүп, акыры жылкы фермага айландырган. Учурда анын асыл тукум жылкылары көк бөрү боюнча жогорку лигаларда ойноп, байгелүү орундарга жетип жүрөт.

Пример HTML-страницы
  • Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган. Виктор Орбан 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитине катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️