Turmush: «Үйдөн качкан баланын атасы миграцияда болуп, апасы ичип кетиптир»: Н.Ашималиеванын жумуш учурундагы окуялары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон сулуу» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чолпон-Ата шаардык жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Ашималиева Нагима Олжобаевна. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1985-жылы 26-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 4 кыз жана 1 уул. Атам аскер комиссариатында (военкомат) иштеген, өзү прапорщик болгон. Кичинекей кезинен милиция болууну кыялданып, бирок болбой калган экен. Мындан улам атамдын жетпей калган кыялына мен жетүүнү чечтим. Бала кезимен эле алардын жумушу, эл үчүн кылган эмгектери тууралуу угуп чоңойдум.

Убакыттын өтүшү менен кыялдар орундалып, алгачкы жолу милициянын формасын 2008-жылы кийгем. Абдан кубанып, “кыргыз элиме ак кызмат кылам” деп өзүмө сөз бердим. Анан атама чалып, форма кийгенимди айтсам, ал да кубанычымды тең бөлүштү. Сиңдим Алия Олжобаева да учурда милициянын майору. Ал кезде атам: “биринчи кийген формаларыңар менен келгиле” деди. Биз барып, чогуу сүрөткө түштүк. Ошондогу атамдын кубанып жаткан көз карашын азыр форма кийип жатып, эстеп калам.

Тилекке каршы, атам 2017-жылы каза болуп калган. Азыр ар бир алган сыйлыгымды жана жетишкендигимди анын жаркын элесине арнайм. Ал менин ийгилигимди сезип турат деп ойлойм, ошондуктан ар бир ишимди так аткарууга аракет кылам», — дейт ал.

Нагима учурда өспүрүмдөр менен иштеп келет. Андыктан ал бир баланын оюн билип, аларга мамиле кылууга үйрөтүп, психолог да болуп каларын айтат.

Пример HTML-страницы

«Өспүрүмдөр менен баарлашуу, өзгөчө алардын ишеничине кирүү абдан оор. Алар сага ишенип, ою менен бөлүшүүгө убакыт керек. Жумуштун арты менен психолог да болуп бүтөсүн. Кээде үйүнөн качып кеткен балдар менен иш алып барабыз. Ата-энеси: “эмне болгонун бизге айтпай жатат” дешет. Анын өзүбүз отуруп баарлашып, үйдөн качуу себебин билебиз.

Ата-энесине жана балага кеңешиңди айтып, экинчи капалуу окуялар кайталанбашы үчүн бир канча жолу иш алып барабыз. Азыр мурда мектепти бүтүп кеткен окуучулар келип, ошол кезде туура жол көрсөткөнүмдү, кылмыш жолунан сактап калганымды айтып, ыраазычылык билдирсе абдан кубанам. Бул менин чоң жетишкендигим деп эсептейм. Негизи убагында балага көңүл бөлсөк, анын келечекте туура жол тандап кетишине өбөлгө болобуз.

Бир бала үйдөн качып кетиптир, мындай учур байма-бай кайталанат экен. Көрсө атасы миграцияда болуп, үйүндө апасы ичкиликке берилип кетиптир. Мен ал баланын апасы менен көп иш алып бардым. Азыр ал аял оңолуп, дагы бир балалуу болуп, жакшы жашап калышты. Азыр да кезигип, бул үй-бүлөдөн кабар алып турам. Ал келин турмуштун оор күндөрү колдоо көрсөткөнүмдү, аны угуп, ага жардам колун сунганымды айтып, ыраазычылыгын билдирип турат. Мен бир үй-бүлөнү сактап калганыма кубанып калам», — деди ал.

Нагима Ашималиева эмгек жолундагы талбаган эмгегинин аркасында 2021-2022- жылдары «Кесиптин мыктысы» деп табылып, облустагы мыкты жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору болгон. Ошондой эле милициянын отличниги болуу менен бир канча сыйлыктардын, медалдардын ээси.

Учурда милционер айым 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️