Turmush: Учуктоо ырымы жана учук салуу салты: Лейлектеги айымдар түшүндүрмө беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районундагы чебер айымдар учук салуу салты жана учуктоо ырымы жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бүүзия Сулайманованын айтымында, азыркы учурда учук салуу салты менен учуктоо ырымын түшүнбөгөндөр да бар.

«Илгеркилер кийим тиккен жипти учук дешет эле. Мисалы «ийнеме учук өткөрүп берчи» деп айтышчу. Ошондон улам килем соккондор түрдүү жиптерден аралаштырып, кооздоп жип сыяктуу түймө (пөпүлө) жасап, жакын көргөн адамынын чөнтөгүнө салып коет. Аны билген адам килемчи кыздарга атыр, упа, шириндиктерди алып келип, түн бир маалга чейин сүйлөшүп отуруп кетишет.

Биз да классташ балдарга учук салчубуз. Алар келгенде майрам эле», — деди ал.

Гүлмира Турдубаева килемчилерден учук алган киши килем соккондорго тамак-аш карыз болуп, аны жасап келип берерин да айтты.

«Учук бул ошол килем жасалган жиптен жасалат. Аны аны килемчилер кимге берсе ал киши аш карыз болчу. Килем токуган кыз-келиндерге тамак алып келчү. Айрымдар мал союп сыйлачу», — деди Турдубаева.

Пример HTML-страницы

Бүүзайра Сулайманова ал эми учуктоо ырымы башка түшүнүк экенин айтты.

«Учуктоо — илгертен эмчи-домчулар тарабынан гана аткарылчу ыкма. Аны жасайм деген адам өзүнөн да тажрыйбалуу адамдан же молдодон ырым-жырымы менен үйрөнүп алат. Анын батасы менен гана бирөөлөрдү учуктаганга акылуу.

Бир эмчи кемпир тууганыбыз бар болчу. Бөйрөгү ысыктан ооругандарды учуктачу. Ошол Сара энебизге барган бөйрөк оорулуулар сөзсүз сакайып кетчү эле. Ал эне 40 күн учукка салчу. Ооруган адам ач карын эртең менен күн чыга электе барыш керек. Сара эне бир челек сууну жылдыз көрсөтүп, түндө сыртка коюп койчу. Барган адамды чийге оройт. Чий адамга 3-4 кат болуп оролчу. Анан бөйрөк тушка сууну чачат эле. «Эми-дому ушул имиш, мен кайттым, сен да кайт» деп айтчу. Башынан ылдый бир чөмүч суу куюп, бир ууртам ичирип да койчу.

Бөйрөгү сууктан ооруган болсо таптакыр учуктачу эмес. Тамыр кармап билет эле», — деди ал.

——————————————————

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көлдө эркек киши аялды сууга чөктүргөн окуяны милиция териштирип жатканын жазган. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя боюнча арыз түшкөн эмес.

Аталган окуянын катышуучулары ден соолук чыңдоочу процедура жасап жатканын айтышкан.

Бул окуядан кийин аларга социалдык тармактын колдонуучулары сын-пикирлерди айтышкан. Окуянын катышуучулары видеодо тартылган жоруктар боюнча түшүндүрмө беришти.

«Чындык ордунан козголгончо, жалган дүйнөнү жети айланып келиптир. Кечээ Гүлмира Нурмамат кызына учуктоо жүргүзүп жатканда, жолдошу видеого тартып жаткан. Адамды башын көтөрүп, кайра сууга малып, учуктоо кыргыз элинде гана эмес бардык элдерде бар. Cуу чачып учуктаган ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нерсе. Интернетте деле чочутуп дарылоо (шоковая терапия) деген бар. Организмди, кыскасы нервди оордуна келтирүү. Биз жөнүндө кечээ туура эмес маалымат кетип калыптыр. Анын күнөөкөрү бул жак (Гүлмира Нурмамат кызы). Өзү күйөөсүнө тарттырып, өзү интернетке чыгарып жиберген экен. Бул нормалдуу көрүнүш, кылдан кыйкым издеген туура эмес», — деди Өмүрбек Жалилов.

Ал эми Гүлмира Нурмамат кызынын жолдошу төмөнкүлөргө токтолду.

«Туура түшүнүңүздөр. Ойноп эле тартылып калган нерсе. Суу бүркүп учуктап, илгери эле чоң энелерибиз колдончу. Канча деген чочуган балдар, эжелер жакшы болуп кетип жатат. Бул эч кандай зыяны жок нерсе», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️