Turmush: Тумановдорго таандык автобаза мамлекетке кайтарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйыл өкмөттүн, мамлекеттин бир метр жерин шылуундарга карматпашыбыз керек, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 14-июнда Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында болгон жолугушууда.

Анын айтымында, мурда мамлекеттин менчигинде болуп, андан кийин жеке колго өтүп кеткен мүлктүн баары кайтарылышы керек. «Башаламан заманда элдин байлыгын, мамлекеттин байлыгын арзан сатып алышып, же болбосо коррупциялык жолдор менен приватизациялап, ошонун негизинде байып, бай болуп жүрүшпөйбү. Ошонун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Бир адам, беш адам же 10 адам 100 миң деген, миллион деген адамдардын байлыгын басып алып жүрүшөт. Ошонун баарын кайтарышыбыз керек.

Мисалы, Жалал-Абадда үч чоң базаны кайтардык. Алардын бири автобаза, анда 4 гектар аянтка эки мектеп курууну пландап жатабыз. Дагы бир база кайтарылды — мамлекеттик ипотекалык турак жай курулат. Тумановдорго тиешелүү болгон дагы бир чоң жүк ташуучу автобазаны кайтардык. Шаарга кайтарылды. Алардын баарын ээлеп алып жүрүшкөн. Эч нерсе эмес, биз байларды мыйзамдын чегинде жолго салабыз. Бир нече адам байыбашы керек. Элдин баары байышы керек. Баарыбыз чогулуп байышыбыз керек» , — деди Камчыбек Ташиев.

06:10дон баштап көрүү керек:

Пример HTML-страницы

Келдибек Туманович Туманов — Жалал-Абад тигүү фабрикасынын мурдагы директору, андан кийин «Келечек» тигүү өндүрүш ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Анын бир туугандары Кубанычбек менен Токтогул Тумановдор Жогорку Кеңештин депутаты болушкан.

2023-жылдын июль айында УКМКнын басма сөз кызматы 2000-жылдары Жалал-Абад шаарында мурда мамлекеттик баланста турган кыймылсыз мүлк жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткенин билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жер тилке, имараттар жана курулуштардын жалпы баасы 430 миллион сомду түзөт.

УКМК мүлктөрдү мамлекетке кайтарган. Башкармалык белгилегендей, мэрия жалпы аянты 2 гектар жерге социалдык объектилерди курат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️