Turmush: Торт жегенден кийин 5 баласы менен ооруканага түшкөн келин: «Барбол» компаниясына айып салынды

TurmushОш облусунун Ноокат районунда уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын анализинин жыйынтыгы чыкты. Бул маалыматты Ноокат жана Араван райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев тастыктады.

Анын айтымында, «Барбол» компаниясына айып пул салынды.

«Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган компания өндүргөн торттун курамынан стафилококк (золотистый стафилококк ) инфекциясы бар экенин аныкталды. Жыйынтыгында ишканага 7,5 миң сом айып пул салынып, ишкана мамлекеттин эсебине төлөдү. Ошондой эле компаниянын тортун саткан дүкөндөрдүн ээлерине эскертүү берилди», — деди Н.Орозалиев.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Бар бол» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Акаев Канатбек Ергешбаевич. Компания 2022-жылы 4-февралда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: нан жана көпкө сакталбаган кондитердик азыктарды өндүрүү.

Буга чейин 4-майда Ноокат районунда таттуу токочко ууланды делген келин 5 баласы менен ооруканага кайрылган.

Ал эми райондук оорукананын башчысы Асамидин Марипов алар амбулатордук жардам алып, ооруканадан чыгып кетишкенин билдирген.

Пример HTML-страницы

Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурлан Орозалиевдин айтымында, аталган үй-бүлө «Барбол» компаниясынан торт алып, аны туура эмес сактап жешкен.

Аталган келин окуянын айрым жагдайларын айтып берген. Алар Орозо айт майрамында «Барбол» кондитердик мекемесинин тортун сатып алып жешкен.

«Тортту эрте эле жегенбиз. Андан кийин бир балам кусуп баштады. Калган балдарымдын ичи өткөндүктөн ооруканага барганбыз. Бирок эртеси «абалыңар жакшы эле, үйүңөргө барып дарыланасыңар» деп чыгарып коюшту. Балдарымдын ичи өтүп жатат дегениме карабай, үйгө чыгарышты. Үйүм менен торт саткан дүкөндүн ортосу 15 мүнөттүк жол, торт ачып кетиши мүмкүн эмес», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️