Turmush: Токтогул районунда шахмат мектеби ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush22-июнунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан шахмат мектеби ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жалал-Абад облустук, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү жана шахмат сүйүүчү мектеп окуучулары катышты. №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик лицейдин 2-окуу корпусунда ачыл шахмат мектебин облустук шахмат федерациясынын вице –президенти, райондук шахмат федерациясынын төрагасы Д.Курбаналиев жетектейт.

Саамалыктын алкагында шахмат оюну боюнча турнир өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️