Turmush: Тойго келген адамга 9 жолу бычак сайган классташ: Баткендеги окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот Баткенде тойдон чыккандан таанышын бычактаган адамга карата 28-майда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Аскарбай (аты өзгөртүлдү М.А.А.) Баткен районундагы айылдардын биринин тургуну. Үй-бүлөлүү, 1 баласы бар. Мурда соттолгон эмес.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2023-жылдын 6-августунда Баткен районунун Сай айылынын тургуну Сапарбай (аты өзгөртүлдү С.А.) небересине сүннөт той берген. Тойго Сай айылынын тургундарын жана өзү менен бирге окуган классташтарын (арасында Аскарбай дагы бар) чакырган. Классташтары саат 19:00гө чейин конок болуп, үйлөрүнө таркай баштаган.

Саат 19:30 чамасында Аскарбай менен Конушбек (аты өзгөртүлдү К.З.) мас абалда уруша кетишкен. Аскарбай дайыма чөнтөгүнө салып жүргөн бычак менен Конушбекти сол жак көкүрөккө, сол жак желкесинин алдына 6 жолу, курсак тарабына 3 жолу бычак сайып жиберген. Аны менен токтоп калбай, сол колунун билегин, кан тамырларын кесип, оор зыян келтирген. Аскарбай аны өлтүрүүгө багытталган аракеттерин жасап, бычак сайып жаткан учурда көчөдө бара жаткан Тилек (аты өзгөртүлдү Т.Р.) көрүп калып, аларды ажыратканга аракет кылган. Аскарбай ага «колумду коё бер» деп, кансырап турган Конушбекти өлтүрүүгө умтулганда Тилек көчөдөгү кишилерди жардамга чакырган. Алар чуркап келип, колунан бычагын алып, кансырап отурган Конушбекти «Хендай Портер» унаага салып, Айдаркен шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Дарыгерлер тарабынан өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрү сакталып калган.

Аскарбай эмне деген?

Пример HTML-страницы

Аскарбай Баткен райондук сотунда окуяны айтып берген. Ал күнү классташ достору менен чогуу Сапарбай аттуу досунун үйүнө тойго барышкан. Мас абалда сыртка чыкканда Конушбек менен уруша кетип, бычагы менен аны алып бир нече жолу сайып жиберген. Бирок аны өлтүрүү максаты болгон эмес. Бул масчылыктан улам болгон.

Конушбек эмне деген?

Жабырлануучу Конушбек тергөөдө берген көрсөтмөсүн толугу менен колдоп, Аскарбай бир нече жолу бычак менен сайып «сени баары бир өлтүрөм» деп айтканын көрсөткөн.

Той берген Сапарбай эмне деген?

Сотко катышкан Сапарбай небересине сүннөт той кылгандыктан, классташтары үйүнө келгенин айткан. Алар арак ичип мас абалда болушкан. Аскарбай менен Конушбек уруша кетип, ал колундагы бычагы менен бир нече жолу сайып жиберген. Сапарбайды достору Айдаркен шаардык ооруканасына алып барып, ал дарыланып чыккан. Аскарбайдын Конушбекти өлтүрүү максаты болгон эмес. Бул окуя масчылыктан болуп кеткен.

Баткен райондук сотунун өкүмү:

Аскарбай Баткен райондук сотунун Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 7-августунан баштап эсептелинген.

Баткен облустук сотунун өкүмү:

Аскарбай өкүмгө макул болбой Баткен облустук сотуна кайрылган. Облустук соттун 2024-жылдын 4-мартындагы өкүмү менен Баткен облусунун Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Аскарбай Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка оор залал келтирүү ) менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) колдонуу менен 5 жылдык мөөнөттөгү пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу эркиндигинен ажыратуу жазасынан кутулуп, камактан бошотулган.

Прокурордун каршылыгы:

Облустук соттун өкүмүнө Баткен облусунун прокуратурасынын улук прокурору Т.К. макул болбой, Жогорку сотко кассациялык сунуш келтирген. Ал апелляциялык инстанциядагы сот айыпталуучу Аскарбайдын, жабырлануучу Конушбектин жана күбөлөрдүн тергөөдө жана биринчи инстанция сотунда берген көрсөтмөлөрүн эске албастан, беренелерди мыйзамсыз жиктегенин айтып, облустук соттун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну суранды.

  • Сотто Аскарбай облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү.

Жогорку соттун өкүмү:

Жогорку сот 28-майда иштин материалдарын карап чыгып, Баткен облустук сотунун 2024-жылдын 4-мартындагы өкүмү жокко чыгарды. Аскарбайга карата Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 30-ноябрында чыгарган өкүмү күчүндө калтырылды. Анын 2023-жылдын 7-августунан 2024-жылдын 4-мартына чейин камакта кармоо мөөнөтүнүн 1 күнү эркиндигинен ажыратуунун 2 күнүнө барабар деп эсептелинет. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️