Turmush: Тоңдогу тоо көлүнүн жарылуусу: Жалпы 160 адам эвакуацияланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-августта Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштук Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Жериндеги абал боюнча саат 19:45ке карата маалыматтын негизинде куткаруучулар жеринде тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Зындан көлү жырылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундарды эвакуциялоо уюштурулду. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана “Балык завод” тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылып, көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Зындан морена-мөңгү тектүү көл болуп эсептелет, коркунуч категориясы IV. Көл 3 миң 640 метр бийиктикте жайгашкан Зындан-Тоң суусунун алабына кирет. Көлөмү 150 миң куб метрди түзөт.

Катуу кыйратуу зонасына кирген калктуу конуштар — Туура-Суу айылы, Бөкөнбаев—Темир-Канат унаа жолу, көпүрөлөр, суу түтүктөрү, Кыркын-Сарыа тилкеси, кой короолор, балык комбинатына баруучу унаа жол, балык комбинаты жана турак жайлар.

2008-жылы Тоң дарыясынын алабындагы Зындан өрөөнүндө бийик тоолуу көл чыккан. Ал жарылып кеткен көлдөн бир нече километрге жайылып жаткан ылай таш агымдары менен коштолду, мунун баары дрейф, эрозия жана ар кандай объектилердин бузулушу менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️