Turmush: Терезе аркылуу кирип келген: Таласта түндө жасалган кылмыш

TurmushТалас районунда каракчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 28-март күнү Талас районунун Калба айыл өкмөтүнө караштуу таштанды таштоочу жерде иштеп, жашаган К.Д. жана С.А. аттуу 2 адам милицияга кайрылган. Алар ошол күнү таңга маал 35-40 жаштар чамасындагы бейтааныш адам алар уктап жаткан бөлмөнүн терезеси аркылуу кирип, колундагы бычагы менен коркутуп, уюлдук телефондорун алып кеткендигин билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголгон.

Талас РИИБдин кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Манас районунун Көк-Дөбө айылынын 41 жаштагы тургуну Д. Р. экени жана кылмыш учурунда мас абалда болгону аныкталган. Ал 3 күн ичинде кармалды. Учурда соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️