Пример HTML-страницы

Turmush: Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТаш-Көмүр шаарында кыска мөөнөттү жаандан улам Панфилов көчөсүнөн түшкөн сел борбордук Токтогул көчөсүн бөгөп калган. Андагы жол 2 саатта бир тараптуу ачылса, кечке чейин толугу менен ачылган.

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талант Мырзабековдун айтымында, кокту- колоттон түшкөн селден улам 150 метр куб шагыл аралашкан кум түшкөн.

«Эртең мененки саат 08:30 чамасында бир сааттай жааган жаандан сел түшкөн. Ошол эле учурда шаардагы жол тейлөө мекемесинин, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, мэриянын жана ЖКККБнын кызматкерлер тартылды. Жол толугу менен ачылды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE