Turmush: Таластагы жаш келиндин өлүм алдындагы акыркы «звоногу»: Аны куткарууга жетишпей калышкан

TurmushТалас облустук соту 2018-жылдын 23-сентябрында Талас шаарында 25 жаштагы аялын бычактап өлтүргөн адамга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Нурмат (аты өзгөртүлдү Н.Ж.) 1984-жылы Бакай-Ата районундагы айылдардын биринде төрөлгөн. Мурда соттолгон эмес. Аялы Жибек (аты өзгөртүлдү А. кызы Ж.) экөөнүн ортосунда 3 баласы болгон.

Кылмыштын чоо-жайы:

Нурмат 2018-жылдын 23-сентябрында саат 20:15 чамасында мас абалда Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирде жашап жаткан аялына келген. Аялы экөө буга чейин Бишкекте жашап жүрүп чатакташып, ал балдарын алып, Таласка ата-энесиникине баса берген. Нурмат 23-сентябрда ага жарашуу маселесин сүйлөшүү үчүн келген. Бирок аялы экөө жолугушкан учурда кайра чатакташып, аны макиси менен бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Аялы ошол жерден каза болгон.

Шаардык соттун өкүмү:

Пример HTML-страницы

Нурмат 2018-жылдын 20-декабрында Талас шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген. Андан кийин ал бул өкүмдүн үстүнөн апелляциялык даттануу менен Талас облустук сотуна кайрылган. Ал балдары балдар үйүндө калгандыгын, кылганына өкүнө тургандыгын билдирип, балдарын багууга мүмкүнчүлүк берүүнү, жазаны жеңилдетүүнү суранган.

Облусттук соттун өкүмү:

Талас облустук сотунун өкүмү менен анын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырган.

Күбөлөр эмнелерди айтып беришкен?

Буга чейинки соттук отурумда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Самара (аты өзгөртүлдү, С.К.С) 2018-жылдын 18-сентябрында кызы Жибек ага телефон чалып, күйөөсү Нурмат уруп жаткандыгын билдиргенин айтып берген. Ал кызына «анда үйгө (Таласка) кел» деп айткан. Эртеси, 19-сентябрда Жибек 2 кызын алып келген. Жибек Таласта жашап жүрүшкөндө талаа иштерине жалданып иштеп акча тапчу. 23-сентябрда айылда иштеп жүрсө кызы Жибек телефон чалып, күйөөсү Нурмат келип, уруш чыгаргандыгын билдирген. Кызына телефондон «азыр барып калам, көчөгө чыгып тур» деп айткан. Күйөөсү экөө унаа менен 15 мүнөттө келишсе кызы батиринде өлгөн абалда жаткан. Үйдө милиция кызматкерлери да жүргөн. Бүгүнкү күндө соттолуучуну кечиргенин, ал балдарын өзү багышына, ага жеңил жаза берүүгө каршы эместигин айткан.

Ал эми тергөө жана биринчи инстанциядагы сотто башка күбө Н.А.К. 2018-жылдын 22-сентябрынан 23-сентябрына караган түнү саат 01:00 чамасында Нурмат анын үйүнө келгендигин айткан. Ал Нурмат менен учурашып эле кире бериш бөлмөгө жаткырып койгон. Таң атып чайга отурганда Нурмат «Покровка айылындагы досумдукуна барам» деп айткан. Ал жакка эмне үчүн барарын сураганда «Жылдызды бычак менен сайып, качып келе жатам» жооп берген. Ошол учурда чочуп кетип, «баары бир кармаласың, андан көрө милицияга өзүң бар» деп айткан. Бирок Нурмат анын айтканына макул болгон эмес. Ал жолдош баласынын үйүнө барып, 1-2 күн өзүнө келип алып, анан милицияга барарын айткан.

Ошол учурда Нурматка ачуусу келип урушканда ал үйдөн чыгып кеткен. Арадан жарым саат убакыт өтпөй эле Нурматты милиционерлер издеп келишкен. Ал милицонерлерден Нурмат аялы Жибекти бычактап өлтүрүп койгондугун уккан. Андан кийин Нурмат 1 саат мурда Покровкага досунукуна кетем дегенин айтып берген. Ошону менен арадан 1 саат убакыттан кийин милиционерлер анын үйүнө кайра келишкен. Алар Нурмат аялын сайган маки ушул үйдөгү кол чайкоочу идиштин (умывальник) үстүндө экендигин айтышкан. Андан кийин ал макини алып чыгып, милиционерлерге өткөрүп берген.

Соттук отурумда күбө катары суралган Б.А.К. соттолуучу Нурмат анын эжесинин баласы боло тургандыгын айтты. 2018-жылдын 22-сентябрында саат 23:00 чамасында Нурмат анын үйүнө келген. Ага чейин «Россиядан келип калдыңбы?» деп сураганда Нурмат ага «балдарымды балдар үйүнө берип коюптур, аларды алганы келдим» деп жооп берген. Эртеси, 23-сентябрда саат 21:00 чамасында Нурмат үйүнө кетүү үчүн акча сураганынан ага 1000 сом берген. Нурмат акчаны алып үйдөн чыгып кеткен. Бирок ал аялын бычактаганы жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Окуяны эртеси күнү милиционерлер аны издеп келгенде укканын айтты.

Маркум Жибектин сиңдиси Айтурган биринчи инстанциядагы сотто жездеси менен эжеси ошол күнү телефондон урушкандыгын айткан. 23-сентябрда саат 13:30 чамасында үйдө Жибек эжеси экөө отурса жездеси Нурмат телефон чалган. Жибек күйөөсү менен сүйлөшкөндө Нурмат ага Бишкек шаарынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таксиден салып жибергендигин, жолго чыгып тосуп алышы керектигин айткан. Саат 14:00 чамасында эжеси экөө Талас шаарындагы драма театрдын алдына барып, таксини күтүшкөн. Ал жерден Жибек жолдошуна телефон чалып, таксинин номурун сураган. Бирок жолдошу эч кандай номур айтпастан аны сөгүп, тилдеп салган. Андан кийин саат 20:00 чамасында эжеси «тишим ооруп жатат» деп дарыканага чогуу барып келүүнү сунуштаган. Ошол учурда жездеси Нурмат телефон чалып, Жибек эжеси экөө өздөрүнчө сүйлөшүп, урушушкан. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин «дарыканага барып келелиби?» десе Жибек «өзүң барып келе берчи» деп айткан. Ал макул болуп дарыканага барып, дары алып келсе эжеси бөлмөдө көмкөрөсүнөн кыймылсыз жаткан. Дубалдар жана Жибектин жаткан жери кан болгон. Ошол замат коркконунан эмне кыларын билбей, коңшу эжени чакырып келген.

Кайрадан каралган иш:

Бирок бул иш 2022-жылдын 18-январында Талас облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин жетекчиси Р.Э.нин сунушунун жана соттолгон Нурматтын арызынын негизинде жаңы жагдайлар боюнча каралган. Себеби Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын №10 мекемесинин жетекчиси Р.Э.нин сунушу жана соттолгон Нурматтын арызы менен 2021-жылдын 28-октябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш ишти кайра карап берүүнү суранышкан.

Прокурор У.Сманалиев бул суранууну канааттандыруусуз калтырууну өтүнгөн.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын No10 мекемесинин жетекчиси Р.Э.нин сунушун жана соттолгон К.Н.Б. арызын канааттандыруусуз калтырды.

Окуя тууралуу:

2018-жылдын 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болгону кабарланган.

Маалыматка караганда, окуя түндө болгон. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон. Талас ОИИБ саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгү боюнча арыз жазгандыгын билдирген.

Кылмышка шектелип күйөөсү кармалган:

2018-жылдын 25-сентябрында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы келиндин өлүмүнө шектелип 34 жаштагы жолдошу кармалгандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашагандыгы такталган. Бирок ал 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасына баса берген. Күйөөсү анын артынан келген. Бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, уруша кетип, аны бычак менен сайып салган.

«Бул кылмышка шектүү адам кечээ күнү кармалды. Ал каза болгон келиндин күйөөсү. Шектүү Бакай-Ата районунун 1984-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Буга чейин жубайы экөө Бишкек шаарында жашап келишкен. Ал кылмыштан кийин 1 суткага жетпей Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетине жакын жерден кармалды. Өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалган адам азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

Андан кийин 2019-жылдын январында бул кылмышка шектелген күйөө Талас шаардык соту тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️