Пример HTML-страницы

Turmush: Таластагы тоодо өзүнүн миңден ашык коюн жайып жүргөн жигит: Ага милиционерлер барышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта Казакстандан жүздөгөн койлор мыйзамсы киргизилип жатканы жөнүндөгү маалымат текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү Талас районунун тургундары коллективдик арыз менен кайрылышкан. Ала системалуу түрдө ар жума сайын 3-4 жолу Казакстандан миңдеген койлор бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстанга Талас району аркылуу киргизилип, өлкөнүн экономикасына, Талас районунун жайыттарына жана жолдоруна зыян келтирилип жаткандыгын билдиришкен. Аталган билдирүү боюнча текшерүү башталган. Талас РИИБдин ыкчам тобу тарабынан Талас районунун Көк-Ой айылына караштуу Бөлөк-Тоо өзөнүндө Көк-Ой айылынын 1994-жылы туулган тургуну А. уулу К. өзүнө тиешелүү болгон 1 миң 180 баш койду жайып жүргөндүгү аныкталган. Ал сурак маалында аталган койлор өзүнө тиешелүү экенин көрсөткөн.

Мындан тышкары арызда көрсөтүлгөн К. аттуу кишинин сарайына кароо жүргүзүлүп, ал жерде эч кандай койлор жок экени аныкталган.

Азыркы учурда Талас РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE