Turmush: Таластагы окуя: 6 кызды ооруканага жеткиришти

TurmushКечээ, 14-апрель күнү Талас шаарында 6 окуучу ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына күбөлөр билдирип, дарыгерлер тастыкташты.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканасынан алынган маалыматка караганда, аларга тамак-аштан ууланган 6 окуучу кыз жеткирилген.

«Кечээ «Сапат» лицейинин 8-9-класстарынан 6 окуучу кыз тамак-аштан отравления болуп ооруканага түшкөн. Баарына биринчи жардам көрсөтүлүп, амбулатордук кароого чыгарылган. Учурда баарынын акыбалы жакшы», — деди дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️