Turmush: Таластагы көчөдө 16 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн адам: Милиционердин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Покровка айылынын 28 жаштагы тургуну Александр Волков эксперт-криминалист болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, улуту орус. Ата-бабалары ушул айылда отурукташып, ушул айылда чоңойгон. 2017-жылы ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясын аяктаган.

«2017-жылы окуу жайды аяктап, өзүм туулуп өскөн Манас районуна келип, Манас райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык тескөөчү болуп иштеп калдым. Жаңыдан иштей баштаганда эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте бир оор кылмыштын бетин бетин ачкам. 2 адам жолдун кесилишинде арак ичип отуруп, уруша кетишиптир. Анан бири экинчисин бетине 16 жолу сайып, ал ошол жерде каза болуптур. Ошол кезде бардык кызматкерлер спорттук машыгууда болчу. Мен өзүмдүн аймагымдан чыгып, спорттук машыгууга кечигип бара жаткам. Анан «сенин аймагында ушундай иш катталды» деп чалып калышты. Мен артка кайрылдым. Кылмыш болгон жерди көрүп, тегерек четтен изилдеп, 1 саатка жетпеген убакытта тиги бычак менен сайган кишини таап, кылмыштын бетин ачканбыз.

Ошол иштен кийин мени кылмыш иликтөө бөлүмүнө чакырышты. Ал жерде 2 жыл иштедим. Андан кийин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 2,5 жыл иштедим. 2020-жылы «Облустун мыкты оперкызматкери» наамын алдым. 2021-жылдын июль айынан бери улук эксперт-криминалист болуп иштеп жатам», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кыргыз тилин так билерин айтты.

Пример HTML-страницы

«Жумушумда кыргыз тилин так билгеним абдан жардам берет. Үйдөн орус тилинде сүйлөшөбүз. Мектепте деле орус мектепте окудум. Кыргыз тилин үйрөнүүгө, жазууга академияда окуп жүргөн учур түрткү болду. Мен жөнөкөй сөздөрдү гана билип баргам. Жарым жыл абдан эле кыйын болду. Бул кесип меники, мен алып кетем деп тырышып, кыргыз досторум, курсташтарым менен отуруп, кыргызча жазып, алар текшерип жүрүп үйрөндүм. Ал жакта окуу жай терминдер менен көп окутат. Ал дагы тилди толук өздөштүрүүгө чоң жардам берди. Жумуштан жалаң кыргызча баарлашам, кыргызча сүйлөшөм. Тааныштарым «сага кыргызча ысым беребиз, ошол эле калды» деп тамаша кылып калышат», — деди ал.

Александр мырза эксперт-криминалисттин жумушу жеңилдеп калганын кошумчалады.

«Учурда биздин жумушта жаңы технологиялар бар. Иштер абдан эле жеңилдеди. Мисалы бир жолу «тоодо бир адамдын жансыз денеси табылды» деп айтышты. Барсак ал чабан экен. Өзүнүн ажалы менен каза болуптур. Эч кандай зомбулуктун белгилерин тапкан жокпуз. Анан өздүгүн аныктоо үчүн колунун издерин алдык. Бирок бизде атайын сүрөткө тартып туруп адамдын өздүгүн тааныган аппарат бар эле. Аны менен 10 мүнөт ичинде анын өздүгүн тактоого мүмкүн болду. Маркум Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Ал көп убакыт жок болсо дагы туугандары жоголду деп эч жака кайрылышпаптыр. Анан туугандары табылып, аларга сөөгүн өткөрүп бергенбиз.

Мурда мындай нерселер үчүн көп убакыт сарпталат эле. Манас районунан 1-2 саатта келип, текшерүүгө берип, анын жыйынтыктары чыкканча күтүп убакыт кетчү. Азыр убакытка дагы абдан үнөмдүү шарттар түзүлүп калды.

Дагы бир жолу кышында бир келин күйөөсүн балта менен чаап өлтүрүп койгон кылмыш катталган. Тергөө тобу менен таңкы саат 5:00 чамасында бардык. 2 бөлмөлүү үй экен. Бирөөсүндө күйөүсүнүн сөөгү жатат. Экинчисинде аялы улам ыйлап, ээсин жоготуп жыгылып жатыптыр. Анан мен болсо, шыр эле мештеги чокко, үйдүн жылуулугуна көңүл бурдум. Көптөр эле түндө туруп от жакпайт да. Таңкы саат 5:00 чамасы болсо, меште кыпкызыл чок күйүп турат. Көрсө ал келин ойношу экөө кармалып калып, бул күйөөсүн сырттан балта менен чаап өлтүрүп салышыптыр. Анан үйгө сүйрөп кирип, балтаны болсо мешке салып коюшуптур. Мешке абдан от жагып, анан милицияга кабар беришкен. Күмөн санагандай эле мештен балтанын башы чыкты. Анан мойнуна алып, «балта менен чаап өлтүрүп алдым» деп окуянын баарын айтып берген.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеп жүргөндө да кызыктар көп болду. Биздин райондогу талааларда баңгизат чөптөр өсөт. Чоң кишилердин айтымында, бул аймактарда мурун тамеки өскөн экен. Тамеки менен бул чөптөрдүн дагы уруктары келип, жайылып кеткен деп айтышат. Алар уругун чачып салгандан кийин 4-5 жылдан кийин кайрадан чыга берет да. Муну жок кылуу үчүн атайын рейдтер өткөрүлүп турат.

Баңгизатты күн ысык учурда эки алканы менен сүрүп, майын чыгарып даярдашат. Анан мага бир айылда майып адам жасап жүрөт деп маалымат келди. Ал кишини көрсөм бир колу жок. Ал эми баңги чөптүн майын алуу үчүн 2 кол керек да. Мен башында ишенген жокмун. Анан артынан карап жүрдүм. Бир маалда өзүмдүн көзүмө ишенген жокмун. Баягы колу жок киши, арыкка түшүп, бир бутун көтөрүп, таманына бир колу менен бңги чөптү сүрүп жатат. Анан эле аны талаадан жоготуп алдым. Шыр эле айыл жакка түштүм. Сураштырсам үй жагына өткөн деп айтышты. Үйүнө жетип барсам, короосуна кирип бара жатыптыр. Мен жанымдагы кесиптешим келгенче күттүм. Жалгыз кирсем эмне болуп кетет деп кооптонуп турдум. Анан кесиптешим экөөбүз кирип бардык. Кирсек эле баягы бутундагы чөптүн майын кырып түшүрүп жатыптыр. Ошол иш менен ал 3 жылга эркинен ажыраган эле.

Ушундай ар кандай адамдарга, ар кандай иштерге туш болосуң. Жумушуна кызыккан, берилип иштеген киши гана көзүн таап, жакшы алып кетет», — деди ал.

Милиционер мырза 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️