Turmush: Таластагы кашарда өлтүрүлгөн адамдар: Кылмыштын чоо-жайы аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга 9-ноябрь күнү Бакай-Ата районунун 1963-жылы туулган тургуну А.Т. саат 07:00 чамасында Кең-Арал айылына караштуу Коргон-Таш жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган адамды издөө иштери жүргүзүлүп, бүгүн, 10-ноябрь күнү таңкы саат 07:00 чамасында Талас районунун Нылды өзөнүндө «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын ичинен 2 адамдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Алар Бакай-Ата районунун 1963-жылы туулган тургуну А.Т. менен 1964-жылы туулган Т.М. экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары каза болгон А.Т.нын малчысы, Талас районунун 1982-жылы туулган тургуну С.С. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө малчы С.С. менен А.Т.нын ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестик чыгып, анын кесепетинен адам өмүрү кыйылгандыгы такталды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Таласта 60 жаштагы 2 адамдын сөөгү табылганы кабарланган.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, маркум М.К. менен Т.А. классташтар болушкан. Экөө кечээ, 9-ноябрда таңга маал Нылды өрөөнүнө мал алып келгени кетип, дайынсыз болушканы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️