Turmush: Таластагы ээн токойдо бир сөз үчүн өлтүрүлгөн айдоочу: «Зонадагы» жигиттин суранычы

TurmushТалас облустук соту киши өлтүрүп камалган адамдын апелляциялык даттануусун карап чыкты. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Насирдин (аты өзгөртүлдү, А.Н.) 1991-жылы Талас шаарында туулган. Билими орто, ажырашкан, мурда соттолгон. Жазасын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинде өтөп жатат.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Насирдин 2012-жылдын 23-августунда саат 19:00 чамасында тааныштары Б.Т. жана Б.уулу Т. менен бирге «Жигули» үлгүсүндөгү унаа айдап бара жаткан Туратбекти (аты өзгөртүлдү, Т. уулу Т.) токтотушкан. Туратбек унаасын токтоттурган Б.уулу Т. менен тааныш болгон. Үчөө Туратбектен унаасы менен башка жерге алып барууну суранышкан. Алар унаага отуруп, автобекеттен арак алышкандан кийин Талас районунун Көк-Ой айылындагы эски көпүрөгө кетчү жолдогу токойго чейин айдатып барышкан. Унаанын ичинде ичкилик ичип отурганда Насирдин кызуу абалда Туратбекке «Көк-Ой айылына барып келбейлиби» деп тийише баштаган. Анын «бензиним жок, жетпей калабыз» деген сөзүнө жини келип, мойнунан оң колу менен муунтун өлтүргөн. Кылмышты жашыруу үчүн анын денеси Талас районунун Каракол айылынан Конезавод айылына бара жаткан жолдун оң жагында жайгашкан дөңсөнүн алдында казылган карьерге алып барып, таш менен корумдан коюшкан. Андан кийин анын «Жигули» унаасын белгисиз жагдайда жок кылышып, 2012-жылдын 24-августунда Бишкек шаарына барышкан. Ал күнү түштө «Ош» базарына барып, маркум Туратбектин «НОКИА XI-01» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун өзүмдүкү деп 900 сомго сатып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Райондук соттун өкүмү:

Насирдин Бакай-Ата райондук сотунун 2015-жылдын 22-сентябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) менен күнөөсүз деп табылып, жосунунда кылмыштын курамы болбогондуктан акталган. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүмү (кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу) менен күнөөлүү деп табылып, 2500 миң сом айып пул салынган.

Облустук соттун өкүмү:

Пример HTML-страницы

Талас облустук сотунун 2015-жылдын 4-декабрындагы өкүмү менен Бакай-Ата райондук сотунун 2015-жылдын 22-сентябрында Насирдинге карата чыгарган өкүмү өзгөртүлгөн. Ал облустук соттун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-8-14-пункттары (киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Насирдиндин суранычы:

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Э.А. сунуш менен, соттолгон Насирдин сотко кайрадан арыз менен кайрылышкан. Насирдин 2021-жылдын 28-октябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш ишти кайра карап берүүнү суранган.

Прокурордун каршылыгы:

Соттук отурумда прокурор У.С. жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык аныктаманы өзгөртүүсүз, Насирдиндин арызын канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Э.А.нын сунушун жана соттолгон Насирдиндин арызын канааттандыруусуз калтырды. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️