Turmush: Таласта уул-кызы менен кошо мерт болгон келин: Алар акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 23-октябрда Талас шаарында унаа уруп кетип каза келин менен балдары бүгүн, 24-октябрь күнү Талас районунун Калба айылында жерге берилди. Бул тууралуу айылдаштары билдиришти.

Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган келин Ч.С., 2018-жылы туулган кызы А.И. жана 2020-жылы туулган уулу И.И. акыркы сапарга узатылды.

————————————————

Окуя тууралуу:

Буга чейин бүгүн саат 8:00 чамасында Талас шаарында 3 унаа кагышып, 3 адам каза болгону кабарланган.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, кырсык Суусамыр—Талас—Тараз жолунда №4 мектептин алдындагы жөө адамдар өтө турган өтмөктө болгон. Ал жерде «Хендай Соната», «Фольксваген Пассат» жана «Ауди» үлгүсүндөгү 3 унаа кагышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, 1993-жылы туулган аял 4 баласын жана 6 жаштагы кызын бала бакчага алып бара жатканда «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаа уруп кеткен. Алар ошол жерден каза болушкан.

Кырсык болгон учур видеого тартылып калган. Анда ак түстөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып, жөө өтмөктөн кичинекей кызы менен баласын жетелеп өтүп бара жаткан аялды сүзүп, андан ары өтүп барып, жол чыракта турган 2 унаага урунганы тартылып калган.

Азыр кырсыктын себептери, канча адам ооруканага түшкөнү такталууда.

Кийинчерээк бул кырсык боюнча 1995-жылы туулган К.Б. аттуу айдоочу кармалган. Ал соо абалда болгону такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️