Turmush: Таласта кыздардын себи кымбаттады: Чебер айым бааларды айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Талас шаарында кыздын себине кеткен чыгым канча сомго чейин болуп жатат? Бул суроого 39 жаштагы чебер Айзат Акимжанова жооп берди.

Анын айтымныда, 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Акыркы 10 жылдан бери кыздын себин жана үйгө пардаларды тигет.

«Бүгүнкү күндө той-аштардын убагы болуп, күз айларында биздин жумуш дагы кызуу жүрүп калат. Бизде келин алам дегенде, уул үйлөнткөндө үйүндө пардаларын жаңыртышат. Мааракесине 1 апта калганда келип, «мага зарыл, жасап бер» деп айтышат. Ар бир айым келип, «мага жакшысынан, азыр кандай мода болсо, ошону тик» деп буйрутма беришет. 1 бөлмөгө орточо кымбат, жакшы парда эсептегеде эле 10-15 миңден жогору 40-50 миң сомго чейин болуп кетет. «Андай бааны төлөсөм жолдошум урушат» деп айткандары көп да. Азыр болсо, мен дагы кардарлардан «жолдошуңуз менен чогуу келип тандаңыз, ал өз көзү менен көрсүн» деп талап кылып калдым. Анан чогуу келип, чогуу тандап, угуп, «парда ушундай кымбат» болот турбайбы деп кетишет.

Бүгүнкү күндө ичинде түл деп коёт, ичиндеги ак түлү 1 метри 250 сомдон 1200 сомго чейин сатылууда. Ал эми, тыштары 1 метри 300 сомдон 2000 сомго чейин. Эң кымбат парда жакард деген түрү. Ошонун 1 метри 2000 миң сом. Андан кымбатына көп суроо-талап болбойт», — деди ал.

Чебер айым буга катар эле быйыл кыздын себи былтыркыга караганда 4 миң сомго кымбаттаганын айтты.

«Кыздын себинин 1 сыйрасы (төшөгү, жуурканы, жер төшөк болот) ал 8000 сом болуп жатат. Сапатына карата, баалары жогорулай берет. Ошондой орточо баа менен 1 кызга 5 сыйра алса, 40 миң сом болот. Ага 5 метр көшөгө кошулат. Ал 4 миң сомдун тегерегинде болот», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️