Turmush: Таласта азык-түлүктөрдүн баалары текшерилди

TurmushТаласта бааларды негизсиз жогорулатуунун, спекулятивдик иштердин алдын алуу максатында иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Монополия каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү тарабынан күн сайын азык-түлүк бааларына экспресс-сурамжылоо жана түшүндүрүү иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө жуманын башына салыштырмалуу социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн баалары туруктуу. Азыркы учурда 1 кг кумшекердин баасы 88 сомдон 103 сомго чейин сатылууда. 1 литр күн карама майы 135-185 сом, 1 литр 2,5-3,2 пайыздагы пастерленген сүт 60-78 сом, биринчи сорттогу 1 кг ун 36-41 сом, экинчи сорттогу 1 кг ун 28-31 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️