Turmush — Талас ОИИБ түзүлгөндөн бери 26 адам жетекчи болуп иштеди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Алтынбек Шербахунов билдирди.
Анын айтымында, аталган түзүм өз тарыхында жоюлуп, кайра түзүлгөн учурлар да болгон.
«1944-жылы 22-июнь күнү СССРдин Жогорку Советинин президиумунда Талас облусу негизделип, 5 районго бөлүнгөн экен. Ал Буденный, Покровка, Бакай-Ата, Кара-Буура, Талас райондору. Ошону менен катар Талас облустук ички иштер башкармалыгы дагы негизделген. Биринчи ким жетектегенин билбейм, бирок экинчи жетекчи болуп легендарлуу генерал Эргеш Алиев 1956-жылга чейин иштеген. Бизде 97 жаштагы Кудайберген Чороев деген ардагер аксакал бар. Ал «мени генерал Эргеш Алиев өзү 1952-жылы жумушка кабыл алган» деп айтып берген.
1956-жылы облус жоюлуп кетип, милиция дагы райондук жана шаардык бөлүм катары болуп калат. 1980-жылдары кайрадан облустук ички иштер бөлүмү кайрадан негизделип, ал кезде биринчи жетекчи болуп Жоламан Шаршенбаев иштеген. Ал учурда алгачкы имараты азыркы борбордук мечиттин ордунда эски имарат эле. Ал киши 1984-жылга чейин жетектеп, андан соң 1987-жылга чейин Феликс Кулов жетектеди. 1987-1988-жылдары Абдыбек Суталинов жетектеди. Ошол жылы кайрадан облустук ички иштер башкармалыгы жоюлуп калды. 1991-жылы өлкө эгемендүүлүктү алганда кайрадан облустук ички иштер бөлүмү түзүлүп, Талас шаарынын 1-Май көчөсүндө жайгашкан таза суу ишканасынын имаратына көчүп барган элек. Ал жерде улам имарат кошуп отуруп, баарын ашар жолу менен жасатып, ошол кезде Ишенбек Санжиров жетектеген эле. Ал киши 1993-жылга чейин жетектеди», -деди ал.
— 1980-1984-жылдары Жоламан Шаршенбаев жетектеди;
Жоламан Шаршенбаев
— 1984-1987- жылдары Феликс Кулов жетектеди;
— 1987-1988-жылдары Абдыбек Суталинов жетектеди;
Абдыбек Суталинов
— 1991-1993-жылдары Ишенбек Санжиров жетектеди;
Ишенбек Санжиров
— 1993-1995-жылдары Марат Суеркулов жетектеди;
Марат Суеркулов
— 1995-1997-жылдары Муканбеткалый Конкошев жетектеди;
Муканбеткалый Конкошев
— 1997-жылы (1 жыл) Жаганша Аманкулов жетектеди;
Жаганша Аманкулов
— 1997-1999-жылдары Рашид Тагаев жетектеди;
— 1999-2000-жылдары Алымбай Султанов жетектеди;
Алымбай Султанов
— 2000-2002-жылдары Садырбек Нурманбетов жетектеди;
Садырбек Нурманбетов
— 2002-2006-жылдары Насирдин Каримбердиев жетектеди;
Насирдин Каримбердиев
— 2006-2007-жылдары Айтыбек Рысалиев жетектеди;
Айтыбек Рысалиев
— 2007-2009-жылдары Абай Кожокулов жетектеди;
Абай Кожокулов
-2009-жылы Манас Акматбеков жетектеди;
Манас Акматбеков
— 2009-2010-жылдары Сейдин Мамашев жетектеди;
Сейдин Мамашев
— 2010-жылы Урматбек Момбеков жетектеди;
Урматбек Момбеков
— 2010-2013-жылдары Жоомартбек Шайбеков жетектеди;
Жоомартбек Шайбеков
— 2013-2015-жылдары Чолпон Турдугулов жетектеди;
Чолпон Турдугулов
— 2015-2016-жылдары Адылбек Капалов жетектеди;
Адылбек Капалов
— 2016-2018-жылдары Ильяс Касымбаев жетектеди;
Ильяс Касымбаев
— 2018-2021-жылдары Алмазбек Жумабеков жетектеди;
Алмазбек Жумабеков
— 2021-2023-жылдары Марлис Асанов жетектеди;
Марлис Асанов
— 2023-жылдын январынан августка чейин Азамат Токтоналиев жетектеди;
Азамат Токтоналиев
— 2023-жылдан бери Азенбек Козукеев жетектеп келе жатат.
Азенбек Козукеев
Алтынбек Шербахунов буга катар эле алардын учурундагы жумуштун шарты менен азыркы учурдан шарты такыр башкача экенин белгиледи.
«Биз иштеген учурда бир эле унаа бар болчу. Кылмыш болду деген жерге жөө чуркап барган күндөрүбүз болгон. Баарын жөө кылчу элек. Жумушта эч кандай шарт жок дебей, алгачкылардан болуп иштеп келдик. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан имараттарын, жаркыраган жумуш ордуларын көрүп сүйүнөм», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.