Пример HTML-страницы

Turmush: Таенесинин сарайында өмүр менен кош айтышкан окуучу: Күбөлөр маалымат берип жатышат

Акыркы жанылыктар

Turmush25-майда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында асынып алган окуучу баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралууда.

«25-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Б.А. аттуу тургуну (өспүрүм) үйүнүн сарайында асынып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралууда. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

———————————————————————————

Кечээ, 27-май күнү Turmush басылмасы Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында 12 жаштагы окуучу асынып алганын жазган. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын социалдык адиси, ал окуучу таенесинин үйүнө конокко келгенин жана ошол үйдөн сөөгү табылганын билдирген.

«Ал бала бизде базада катталган экен. Бирок апасы менен Ошто жашачу. Өзү таенесинин үйүнө келген экен. Кызыл-Октябрь айыл айыл аймагындагы мектептерде окубайт. Апасынын катталган, жашаган жери Ош шаарында экен. Ата-энеси ажырашкан экен. Сөөгү таенесинин коросунан табылды дешти. Өзү асынып алганбы же киши колдуу болдубу ал боюнча экспертизадан кийин билинет», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE