Пример HTML-страницы

Turmush: Түптө көмүрдүн баасы кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун аймагында быйыл Казакстандан келген Шабыркүл, Каражыра көмүрүнүн килограммы 9-9,5 сомду түзсө, Жумгал районунан ташылган Кара-Кече көмүрү 6 сом 50 тыйындан сатылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көмүргө болгон быйылкы баа өткөн жылга салыштырмалуу кымбат.

«Биз былтыр коңшу өлкөдөн келген таш көмүрдүн кабын 380 сомдон алсак, быйыл бул нарк 480 сом болду. Мисалы, биз жылына 2 тонна көмүр жагабыз. Сыйымдуулугу жакшы болуш үчүн Каражырадан алабыз. Эми 2 тонна көмүрдү дароо сатып алганда, үйгө жүктөп түшүрүп алууга унаа жалдаганы менен 20 миң сомго чыгып кетти. Чоң үйлөргө 5-6 тонна көмүр алып, жылытуу кыйын болсо керек», — деди Роза Акилова.

Ал эми сатуучулар бул жагдайды көмүр кымбат келип жатканына байланыштырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE