Turmush: Сүрөт: Каркыра айылында кар жаады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунда аба ырайы кескин өзгөрдү.

Жергиликтүү тугундардын айтымында, кечээ, 28-сентябрда 25 см кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн -3 градустан төмөндөдү.

«Каркыра жайлоосуна жакын жайгашкан айыл-кыштактарга ар жылы сентябрдын аягы, октябрь айынан тарта кар түшөт. Буга байланыштуу жашоочулар кышка эрте камылга көрөбүз. Кечээ, 28-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, жайлоого 25 см кар жаады», — деди жашоочулар.

  • Түп районуна караштуу Каркыра айылы Казакстан менен чектешет. Каркыра айылы Түп районунун борборунан 70 чакырым алыста, күн чыгыштан орун алган. Азыркы тапта 30 түтүн эл жашайт. Айылда кыш мезгили 9 айга чейин созулат жана 1,5 метр кар түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️