Turmush: Сыры ачылгандан кийин кош бойлуу аялын өлтүргөн: Жети-Өгүздөгү «баш кесердин» окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүндө мындан 100 жыл мурун эл тарабынан алтын казыналар катылган. Бул алтын казыналар менен байланышкан үрөй учурган окуялар жана ачылбаган сырлар тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Turmush басылмасына айтып берди.

«Кеминде 300 чакырым алыстыктагы Ак-Шыйрак айыл аймагында кезинде бир катар адамдар жашап өткөн. 1932-жылы Димитровдун кол башчылыгы менен Кытайга социализм (социализмдин идеологиясы — көпчүлүктүн бирге аракеттенишине, коллективизмге үндөйт) курганы Ак-Шыйрактын мергенчилерин кошуп, Түркстан аскер округунан (Орто Азия жана Казакстан аймагындагы Россия империясынын жана СССРдин аскердик-күчтөрүнүн оперативдүү стратегиялык бирикмеси) барышкан.

Алар бай-манаптарды кулакка (жерлери, айыл чарба шаймандары, өндүрүш каражаттарынын бир бөлүгү, ашыкча азык-түлүгү конфискацияланып бөлүштүрүлгөн) тартып турушкан. Ошондо ташылган алтын зарлары жар бооруна үңкүргө катылган экен. Тепкич мөңгүдө Салык аттуу адам ташты уйгур улутундагы кишиге ойдуруп, алтындарын жана асыл таштарын салып, оозун ташка окшоштуруп бекетип койгон. Мындан сырткары, бийик зоолорго үч-беш атар мылтыктар октору менен, капка салынган баалуу таштар да катылыптыр.

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, болжол менен 1916-жылы улуттук боштондук убагында Жети-Өгүз районунун аймагында Т. аттуу баш кесер (киши өлтүргүч) жашап өткөн. Ал орус кол башчыларынын буйругун аткарып, жеригиликтүү бир катар тургундардын башын алып, эл арасында “баш кесер” атка конгон. Бул кылмыштуу иштери үчүн ал алтын ээр токум менен сыйланат.

Күндөрдүн биринде эч кимге көрсөтпөгөн ээр токумун катып жатканда, кош бойлуу аялы көрүп калат. Анын курсагында баласы бар экенине карабастан аялын ошол жерден башын алып, корумдап койгонун аксакалдар айтып калышат. Бул окуядан кийин баш кесер төшөк жаңыртып, канча аял алса да балалуу боло албай коёт. Тагдырга моюн сунган баш кесер туугандарынын биринин баласын багып алат. Кийин ошол асырап алган уулу (бүгүнкү күндө урпактары бар) бойго жетип, карыган атасын талга байлап, алтын ээр токумун кайда катып койгонун сурап, мылтык такайт. Анда баш кесер: «атсаң атып сал, баары бир айтпайм» деп тим болот.

Пример HTML-страницы

Баш кесер Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде жашап, кабырга чейин сырын сактап өтөт. Бул адамдын аты жана окуясы жериликтүү эл арасында гана айтылып, бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон турат», — дейт ал.

  • Ак-Шыйрак — Ысык-Көл облусунун Сырт өрөөнү.

Ак-Шыйрак айылы 1918-жылы негизделген. 1930-жылы айылдык совет түзүлгөн. Андан кийин башталгыч мектеп ачылган. 1-май колхозу 1935-жылы негизделип, 1962-жылы СССРдин геологиялык башкармалыгы тарабынан Үч-Кошкон жана Ак-Шыйрак айылдары негизделген.

Айыл район борборунан 270 чакырым алыс жайгашкан. Айылдын түндүгүндө Эшек-Арт тоосу, ал эми түштүгүндө Боор-Албас жана Ак-Зоо тоолору жайгашкан.

Кышында абанын температурасы -40 градуска чейин түшөт.

Айылда мектеп-интернат, эки ФАП, маданият үйү, мейманкана, коомдук мончо жана башка социалдык объектилер бар. 300дөн ашык үй-бүлө жашайт. Тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️