Turmush: Сузактагы шайлоо: Шайлоочулардын 5% добуш берди

Акыркы жанылыктар

TurmushСузакта №13 шайлоо округунан парламенттин депутатын шайлоодо бүгүн саат 12:00гө карата шайлоочулардын 5,14% добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гулиза Сапарова билдирди.

Анын айтымында, ушул мезгилге чейин мыйзам бузуу фактылары катталган эмес.

«Бүгүн, 22-сентябрда Сузак райунунда Жогорку Кенештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Саат 12:00гө карата жалпы шайлоочулардын 5,14% же 6758 шайлоочу добуш берди. Эртең мененки саат 8:00дөн бери аппараттардын иштебей калуусу сыяктуу мүчүлүштүктөр болгон жок. Аны менен катар бир да мыйзам бузуучулук фактысы катталган жок», — деди ал

Кошумчалай кетсек, 13 Сузак шайлоо окуругунда 81 шайлоо участкасы бар. Аларда 124 миң 429 шайлоочу добуш берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️