Turmush: Сокулукта машина-трактор станциясы ачылды

Turmush: Сокулукта машина-трактор станциясы ачылды Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунун Манас айыл өкмөтүнө караштуу Фрунзе айылындагы «Асыл тукум» заводунда машина-трактор станциясынын (МТС) ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов билдирди.

Аталаган иш-чарага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, фермерлер, дыйкандар катышты.

«Машина-трактор станциясы лизинг долбоору менен 45 млн сомго 9 трактор жана 36 айыл чарба шаймандары алынды.

Өкмөттүк деңгээде биринчи жолу ачылып жаткан машина-трактор станциясына алынган айыл чарба техникалары бир гана Сокулук районунда эмес Кыргызстандын бардык аймактарына дан эгиндерин, жүгөрү, кант кызылчасын жана тоют өсүмдүктөрүн айдап себүүгө, жыйноого кызмат көрсөтөт.

Мындан тышкары, 2025-жылдын жаз айларында 87 млн сомдук айыл чарба техникалары алынып келинүүсү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында «Датка» машина-трактор станциясы ачылганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️