Turmush: Швейцариялык 60 жаштагы аял Таластагы тоодон табылды: Окуянын чоо-жайы (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushШвейцариялык турист айым Талас облусундагы милиционерлерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-июнь күнү Талас облусунун ички иштер башкармалыгына «Беш-Таш» жаратылыш паркына эс алууга чыккан чет өлкөлүк турист дайынсыз болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул окуя милиция тарабынан каттоого алынып, Талас ОИИБдин менен Талас РИИБдин кызматкерлери издөө иштерине чыгышкан. Текшерүү учурунда турист аман-эсен табылып, Талас шаарына алынып келинген. Ал Швейцариянын 1964-жылы туулган жараны Андрея Мария Хелена экендиги такталды. 60 жаштагы турист айым «Беш-Таш» паркындагы Жүрөк көлүн көрүүгө өзү жалгыз барып, андан ары дагы жогору чыгып кеткени белгилүү болду. Ал жүргөн жер тоолуу аймак болгондуктан телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Түнкү саат 23:30 чамасында Талас ОИИБге алынып келинген турист айым тынчсызданып издегени үчүн Таластагы милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️