Turmush: Шопоков шаарындагы заводдогу жарылуу: Экологдор иликтөө жүргүзүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы «Лахор Стил Милс» жоопкерчилиги чектелген коомунун заводундагы жарылуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя мурда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын тапшырмасы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана аныкталган эреже бузууларды жоюу үчүн токтотулган жабдууларды сыноо иретинде ишке киргизүү учурунда болгон.

Кырдаалды тактоо үчүн окуя болгон жерге Айлана-чөйрөнү коргоо тутумунун Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам түрдө барышкан. Алар жардыруунун себебин аныктоо жана ишкананын экологиялык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоо үчүн деталдуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

«Ишкананын жетекчилиги окуя боюнча жоопкерчиликти моюнга алып, эч ким жабыркабаганын билдирди. Заводдун өкүлдөрү келечекте коопсуздук техникасын катуу сактоо жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрө турганын айтышты.

Буга чейин экологиялык кызмат ишканага алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок учурда чарбалык ишмердүүлүктү текшерүүгө мораторий киргизилгендигине байланыштуу оңдоо иштери аяктагандан кийин пландуу текшерүү жүргүзө алган эмес. Бул мүмкүн болуучу тобокелдиктерди өз убагында аныктоого мүмкүндүк бере алмак.

Пример HTML-страницы

Кырдаалды көзөмөлдөө улантылууда жана тергөөнүн жыйынтыгына жараша чара көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

———————————————————

Turmush кечээ, 13-ноябрда Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан заводдо жарылуу болгонун жазган.

Күбөлөрдүн айтымында, «Лахор Стил Милс» жоопкерчилиги чектелген коомунун темирди кайра иштетүүчү заводунда 5 жолу жарылуу болгонун билдирген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Шопоков шаарындагы заводдо меш жарылган. Жабыркагандар жок. Учурда окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп, жарылуунун себеби аныкталып жатат.

Аталган компаниядан жабыркагандар жок экенин, жарылуунун себебин аныктоо иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка карганда, «LAHORE STEEL MILLS» (ЛАХОР СТИЛ МИЛС) жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Икбал Жавед, түзүүчүлөрү — Икбал Жавед, Хуссаин Сарфраз, Маджед Ами (Пакистандын жарандары). Компания 2011-жылдын 27-майында каттоодон, 2011-жылдын 24-октябрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: металлдарды иштетүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️