Пример HTML-страницы

Turmush: Шаардын мэри менен чырдашкан окуучуларды милиция алып кеткен: Баткендеги окуянын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарында 11-класстын окуучулары менен мэрдин ортосундагы чырдын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 8-майда күнү болгон. Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен шаардагы №1 В.Ленин атындагы мектептин 4 окуучусу чырдаша кеткен.

Шаар мэри Болот Абдыжапаров жолдо мушташып жаткан балдарды ажыратмакчы болгонун айтып берди.

«Орун басарым экөөбүз жумуш менен бара жатсак, 4 окуучу мушташып жаткан экен. Аларды арачалап ажыратмакчы болсом, мага да кыр көрсөтүп, галстугумдан тартышты. Анан аларды тынчтандырып, милиция кызматкерлерине тапшырдык. Балдардын ата-энеси келип, балдарынын 11-классты бүтүп жатканын айтып, ишти милицияга каттабай эле коюуну суранышкан. Балдарды тарбияга чакыруу кыйын болуп жатканын айтышкан», — деди ал.

Ал эми аталган мектептин директору Камчыбек Сапарбаевдин айтымында, бул окуядан кийин окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Биздин окуучулар менен мэрдин ортосунда чыр-чатак чыккандан кийин мени чакырышты. Мен барганча милиция кызматкерлери балдарды алып кеткен экен. Балдарды дагы өз алдынча тарбияга чакырдык», — деди ал.

Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы, бул боюнча кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш козгоодон баш тартылганын билдирди.

«8-май күнү саат 13:30 чамасында Сүлүктү шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин 11-классынын 4 окуучусу бир-бирине суу чачышып, күрөшүп жаткан мезгилде Сүлүктү шаарынын мэри өзүнүн орун басары менен аларды ажыратмакчы болуп токтогон. Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө балдардын бири ага атырылгандыктан балдарды тынчтандырып, милицияга кабар берген.

Милиция кызматкерлери ошол эле замат аталган жерге барып, балдарды ата-энелери менен кошо Сүлүктү ШИИБге алып келген. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматты Сүлүктү ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттаган.

Учурда балдар жана мэр тергөөгө суракка чакырылып, өз көрсөтмөлөрүн берген. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Балдардын ата-энеси экспертизадан өтүүдөн жана арыз менен кайрылуудан баш тартышкан. Бул факты боюнча текшерүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE