Turmush: Сентябрдан тарта ар бир мугалим аттестациядан өтөт,

Акыркы жанылыктар

TurmushБилим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жумгал районунда мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ал мугалимдердин эмгек акылары көбөйтүлөрүн айтып, мындан ары билим сапатка басым жасаларын белгиледи.

«Эми сентябрдан баштап ар бир мугалим аттестациядан өтөсүңөр. Бул силерге коркутуу эмес, жыйынтык болуш үчүн билим сапатка басым жасоо керек. Мектептер электрондошот. Электрондук мектеп ишке кирсе, электрондук китеп, журнал болуп 3 компонент бир багытта иштеп калат. Учурда министрликтин арты менен 24 миң ноутбук чыгарылып жатат. Жакында бардык мектептерге таратылат.

Республика боюнча 90 миң мугалим болсо баарына ноутбук беребиз. Андан кийин окуучуларга берилет. Негизинен окуу китептер жетишсиз болгондуктан электрондук китептер жакында ишке кирет. Ал боюнча да иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Мындан тышкары, республика боюнча медотикалык борборлор бириктирилип, мугалимдерди жеринде тажрыйбасын көтөрүү каралат. Орус тилдүү мектептерге «Азбука» китептери «Учкун» басмаканасында басылууда. Басмаканадан чыккан китептер мектептерге сентябрь, октябрь айларыннда жеткирилип берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️