Turmush: Сүрөт: Ош шаарындагы алтын күз

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаары быйыл 3024 жылдык мааракесин белгиледи. Учурда айлана сары түскө боёлуп, жыйым-терим иштери жыйынтыкталып, бышыкчылык мезгили болуп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы шаардын күздөгү көрүнүшүн сүрөткө тартты. Учурда Ош шаарында абанын температурасы +10 градусту түзүүдө.

Ош шаары — Ош облусунун административдик борбору. 2003-жылы республикалык маанидеги шаар макамын алган. Шаардын так ортосунда Сулайман-Тоо жайгашып, Ак-Буура дарыясы кесип өтөт.

Ош шаары — Кыргызстандагы чоң шаарлардын жана Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген. Ошол учурдан бери 5-октябрь Шаар күнү катары белгиленип келет.

Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Ал Кыргызстандын экинчи борбору деп аталып жүрөт.

Пример HTML-страницы

———————————————————-

Кыргызгидромет 16-17-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп билдирген.

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

16-17-октябрларда абанын температурасы төмөндөйт:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 3…8°;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3 …+2°, күндүз 3…8;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 10…15°;

— тоо этектеринде түнкүсүн -4…+1°, күндүз 1…6°;

— Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…5°;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…+4°, күндүз 3…8°;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…+1°, күндүз 2…7°;

— республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°;

— бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° болот.

16-17-октябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош автоунаа жолунун 121-135 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️