Пример HTML-страницы

Turmush: «Разбой» тасмасындагы актер аёосуз сабалган: Депутат күбө катары суралууда,

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл аймагынын эки тургунунун сабалышы боюнча жергиликтүү депутат күбө катары суралып жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2024-жылдын 25-июнунда кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1974-жылы туулган Б.Т. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал эми окуяга тиешеси бар дагы бир жаран — 1976-жылы туулган М.Б. (жергиликтүү депутат) күбө катары суракка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын аракетине да юридикалык баа берилет.

————————————————-

Буга чейин Turmush аталган кылмышка шектелген дагы эки адам тергөөгө камсыздалганын жазган.

Жабырлануучулар — ага-ини. Аларды катуу сабап, каналга таштап кетишкен. Ага-ини ооруканага жаткырылган.

Turmush басылмасына маалым болгондой, укук коргоо органдары тарабынан дагы эки адам тергөөгө жеткирилген. Алардын бири — Өзгөн районунун Төрт-Күл айылдык кеңешинин депутаты, 1976-жылы туулган М.Б.А.

Ал шайлоодо өзүн ишкер катары көрсөткөн. Административдик-аймактык реформанын алкагында Төрт-Күл жана Жылалды айыл аймактары бириктирилип, Төрт-Күл айыл аймагы түзүлгөн. Айыл аймактагы калктын саны 27 миң 230 адамды түзөт.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 2024-жылдын 25-июнунда бул иш боюнча эки адам тергөөгө алынып келгенин тастыктаган. Алардын бири — Өзгөн районунун 1974-жылы туулган Б.Т. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал эми экинчиси тергөө кызматына көрсөтмө берип жатат. Ал — жергиликтүү депутат, 1976-жылы туулган М.Б.А.

2024-жылдын 22-майында Ош ОИИБ Өзгөн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын жакындары кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы УКМК менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүргүзүүнүн натыйжасында 2024-жылдын 20-майында криминалдык чөйрөдө «Алтын маньяк» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон 1977-жылы туулган Т.А.ны кармады. Ошондой эле Өзгөн районунун тургундары — 1996-жылы туулган Н.уулу А., 1986-жылы туулган М.Т. жана О.Б. (мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча жоопко тартылган) кармалып, камакка алынган.

Алар 2024-жылдын 9-майында Куршаб айыл аймагынын жашоочулары — 1995-жылы туулган Б.З. уулу жана 1997-жылы туулган Б.З. уулун үйүнөн чакырып, мурда болгон мамилелерди чечүү максатында катуу ур-токмокко алып, денелерине жаракат келтирип, чала жан кылып, каналга таштап кетишкен.

Жабырлануучулар денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылышкан. Топтолгон материалдын негизинде жана дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (ден соолукка оор залал келтирүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Ал эми 2024-жылдын 4-июнунда бул ишке тешеси бар делген дагы бир шектүү —Өзгөн районунун 1995-жылы туулган М.Э. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган.

Окуяга тиешеси бар делген Өзгөн районунун 1987-жылы туулган О.Н. аттуу тургунуна издөө жарыяланган.

Айрым маалыматтар боюнча, сабалган ага-ининин бири Б.Б. «Разбой» криминалдык драмасында башкы ролдордун бирин аткарган. Тасманын бет ачары 2023-жылдын январь айында Бишкек шаарында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE