Turmush: Президент августта Пекинге барат. Ал жерде Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилет,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖакында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бул тууралуу 2024-жылдын 12-июлунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы тургундар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, август айында президент Садыр Жапаров Пекинге барып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеев менен кол коюп, курулушка страт беришет.

«Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан жолу 5 млрд доллардын тегерегиндеги, ал эми Камбар-Ата-1 4 млрд доллардын тегерегиндеги акча болуп жатат. Мамлекетте бүт бардыгы жыла баштады. Билесиздерби, мурда жумуш жок деп, бардыгыбыз жумуш издечүбүз. Азыр жумуш көп, жумушчулар жок болуп калды. Иштегенге адам жок болуп калды. Себеби жумуш орундары түзүлдү. Мамлекетте акча пайда болду, аларды экономика жумшап жатабыз. Пенсиялар көтөрүлүп жатат, жакында эле президентибиз жарлыкка кол койду», — деди Ташиев.

2024-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңештин отурумунда «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралган.

Пример HTML-страницы

Долбоор тараптардын 3 темир жол администрациялары («Кытай темир жолдору» мамлекеттик корпорациясына караштуу Чайна Рэйлвей Интернешнл, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому) менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу КЭӨ (курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3 окууда кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️