Turmush: Өзгөндө 41 жаштагы тургундун сөөгү жайлоодон табылган: Жаңы жагдай белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы жол ачылбай, каза болгон жарандын сөөгү 7 күндөн кийин жайлоодон алынып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасына Мырза-Аке айылынын тургундары билдирди.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн, 23-июлга карата Өзгөн районундагы Мырз-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун бир тарабы каттамга ачык, бирок түбү бийик унаалар өтө алат. Унаа жолдун 51-чакырымында селдин кесепеттерин жоюу иштеринде 10 техника иштеп жатат. Жол бир тараптуу ачылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 7-июль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын тургуну — 1984-жылы туулган К.А. арыз менен кайрылган. Анда өзүнүн койлорун бактырып жүргөн 1983-жылы туулган А.Ж. Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу жайлоодо кой багып жүргөн жеринен 2024-жылдын 4-июлундан тартып дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирген. Ал аталган жарандын жүргөн жерин тактап, табууга көмөктөшүүнү суранган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, Ж.А. дайынсыз жоголгон жерде издөө иштери жүргүзүлүп, Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайлоо тарабында жайгашкан жөө барууга кыйын болгон жайдан 11-июль күнү жансыз денеси табылган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине Ош облустук соттук-медициналык экспертизага дайындалган. Маркум селге чейин эле каза болгондуктан, сөөгү кыйынчылыксыз жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Ош облусунун Өзгөн районундагы жайлоодон эркек кишинин жансыз денеси табылганын жазган. Окуя Он-Беш-Жаш айылынын Тепши-Айтийбес жайлоосунда болгон.

Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айылынын тургуну — 1983-жылы туулган А.Ж. экени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️