Пример HTML-страницы

Turmush: Оштогу мончодогу жарылуунун кесепеттери: Окуя болгон жерден видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 5-июнда Ош шаарындагы«Байкөл» коомдук мончосунда жарылуу болду. Turmush басылмасынын кабарчысы окуя болгон жерге барып, абалды жеринен көрүп келди.

Жарылуунун кесепетинен мончого жакын жайгашкан көп кабаттуу батирлердин терезелери талкаланып кеткен.

Жергиликтүү тургун Бектурсун Боронов окуя болгон учурда эмне болгонун түшүнбөй калганын айтты. Ал жарылууну укканда үйүнөн чуркап чыккан. Окуя болгон жерге 4 тез жардам унаасы келген.

Ал эми Ош шаардык ооруканасынан 6 адам ар түрдүү жарааттар менен түшкөнүн билдиришти. Алардын үчөө аял, үчөө эркек киши. 5 адам амбулатордук жардам алган соң үйлөрүнө чыгарылган. Бир адам кечиктирилгис жардам бөлүмүндө көзөмөлдө турат.

ӨКМдин алдын ала маалыматын караганда, Ош шаарынын Күкүм бий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып (котел), өрт чыккандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да 1 бөлүм тартылып, өрт өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE